Бишкектеги 47-мектепте жогорку класстар кенже класстардагы окуучуларга акча алып келбегендиги үчүн катуу сабаганы маалым болду.  Окуя кечээ болгон.  47-мектептеги 9- классынын окуучусу 8- класстын окуучусун акча алып келбегендиги үчүн канжалата сабаган. Сабагандар: Каримов Мурат жана Текиров Айдар аттуу окуучулар экен. Сабоо жеген бала  эсин жоготуп жыгылгандыгы айтылууда. Баланын мээси да чайкалган. Жабыр тарткан окуучу учурда шаардык  3-балдар ооруканасында дарыланууда. Баланын ата-энеси Ленин райондук сотуна арыз жазышкан. Баланын ата-энесинин айтымына караганда сабаган окуучулардын бирөөсүнүн атасы милиция болуп иштейт экен. Ушундан улам ал бул ишке кийлигишет деген кооптону болуп жатканын билдирген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here