Өзбекстандын тунгуч ажосу Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримованын Женева шаарындагы үйүнөн Швейцариянын укук коргоо органдары 38,3 миллион долларлык баалуу таштарды тапканын өзбек ЖМКлары жазып чыгышты. Табылган кыбмат баалуу буюмдардын тизмеси: кызыл бирлант шакек, рубин таштуу шуру, алтын сааттар ж.б. Бул баалуу бюмдар мыйзамсыз жолу менен келгендиги айтылууда….

Эске сала кетсек, Каримова 2008-жылы Гүлнара Каримова Өзбекстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү жана Швейцариянын Женева шаарындагы бир катар эл аралык уюмдарга Өзбекстандан өкүл болуп иштеп турган. Мындан 5 жыл мурун  2013-жылы ал дипломатиялык кол тийбестигинен ажыратылып, акчаларды өлкөдөн чыгарып кеткен деген айып тагылган. Ошондой эле анын  эсебиндеги 800 миллион франк тоңдурулган болчу. ал эми 3 жыл мурун  коррупция беренеси боюнча Өзбекстанда беш жылга абакка кесилген болчу.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here