Кылыч Султандын чет өлкөдөн башпаанек сурашы коомчулуктун күлкүсүн келтиргендей эле болду. Себеби, таза, былыгы жок адам болсо “чабал өрдөк эрте учат болуп” качпайт эле го. Мына ушул маселеге байланыштуу айрым атуу-баштуулар  өз пикирлерин билдирип жатышат. Алардын бири белгилүү ырчы Бек Борбиев. Анын пикирин төмөндө окуӊуздар:

-Башка мамлекеттен саясий башпаанек алыш үчүн, өлкөндөгү бийлик менен аесуз күрөшкөн оппозиционер болушуӊ керек. Кантип чындык үчүн күрөшкөн оппозиционер болуп көрүнөм деп, бирөө жакындан бери «шоу» көрсөтүп атат)).. Кылыч Султан деген азаматыбыз, Садыр Жапаровдун түрмөдө отурганын кечээ билип, анын эркиндике чыгуусун дароо талап кылды. Клоун болбосон кое кал)) Атамбаев Садырды камап атканда неге унчукпай турдуӊ, түрмөдө бычактап чала жан кылып койгондо неге бир сөз айткан жоксуӊ..? Өзун айтпасаӊ да, гезитин аркылуу бир сөз айтып койсоӊ, азыркы кылып аткан «цирк» окшошот беле дейм да))
Атамбаевдин кадр саясаты канчалык «оорулуу» болгонун, ушул окуя далилдеди. Кылыч Султандын акыркы сүйлөгөн сөздөрү, кылган иштери, жазган постору психика жактан адекваттуу эмес, аябай эле өнүккөн (отклонениясы) бар адам экени даана байкалып турат. Эл аралык деӊгээлде Кыргызстанды уят кылды. Көп сөз айтканда не, баарын көрүп турасыздар
Оорулуу бийликтин заманы өттү деген жакшы тилектер менен жашай берели достор.
Ал эми Кылыч, канча жылдан бери Малайзияга акчаларын алып чыгып, чыкыйтып бизнестерин куруп даярдап коюптур, баарибир кетмек экен. Бир гана ал жактын жарандыгы керек болчу тура. Ошол жарандык учун кылган шоуларын ийгиликтүү аяктап, ой максатыӊа жетип ал!
P. S. Кылыч, бул жактагы «шефиӊди» дагы чакырып алсаӊ, өлкө тазара түшөт эле..

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here