Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Абдылдаев Эрлан Бекешовичтин отставкасы кабыл алынып, ал Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматынан бошотулду. Буга чейин Кыргызстандагы Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов ТИМдеги коррупцияны айтып чыгып, президентке кайрылуу жолдогон. ТИМ да элчинин мыйзамсыз иштерин шардана кылган эле. Натыйжада ал да ээлеген кызматынан кол жууду

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here