Кылычбек Султан чет өлкөдөн башпаанек сурады. Бул тууралуу ал бүгүн «Фейсбуктагы» жеке баракчасына «Элим! Сооронбай Жээнбековдун саясий шоусун көрдүм! Бул бийликти таануудан баш тартам. Чет өлкөдөн саясий башпаанек сурап кайрылдым»- деп жазды . Кылчыбек мырза азырынча кайсы мамлекетке жалбарып кайрылып жатканын ачыктаган жок. Анткен менен ал өзү 2014-2016-жылдары элчилик кызматта аркалган Малазия бийлигине кайрылгандыгы айтылууда.

Жакында Кылычбек Султан ТИМдин дипломатиялык паспортторду колдонуудагы мыйзам бузуу тууралуу билдирүү тараткан. Президент Сооронбай Жээнбеков андагы маалыматтарды текшерүүнү Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырган.

Катчылык  ТИМ системасында мыйзам бузулган учурлар болгону аныктаган. Ошол эле учурда мурда айтылпк елген Кылычбек Султандын  мурда Малайзияда элчи болуп иштеп жүргөндө мыйзамга туура келбеген аракеттерге бышыктаган.

Бүгүн  Эрлан Абдылдаев тышкы иштер министри кызматынан өз каалоосун менен кетти. Кылычбек Султан ЖМКларга жоопкерчиликти тартсак, Абдылдаев экөөбүз бирдей тарталы деген маанилде пикир билдирген. Бирок анткен менен арты таза эместигин далилдеп жаткандай, эч нерсе боло электе өзү көнгөн Малазияга кире качуунан амалын көрүп жатканы көп шектүү туурдууда…

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here