Мен деле келечекке жакшы үмүттөрү бар, турмушка чыгып бактылуу жашасам деген кыз элем. Кийин бир адам менен таанышып калдым. Ал мага абдан камкор болуп, көзүмө карап, эркелетип жүрүп жүрөгүмдү багындырып алды. Качан мен аны сүйүп калганда аялы каза болуп калганын, үч баласы бар экенин айтты. Ата-энемдин «Жакшылап ойлон» деген сөзүнө карабай сүйүү деп ага турмушка чыгып кеттим. Жашоо биз кыялдангандай эмес экен. Сүйүү деген артта калды. Анын үч баласы, кайненем болуп чогуу жашайбыз. Азыр менин көйгөйүм кайненем жана күйөөмдүн балдары. Кайненем бир нерсе болсо «кет» деп урушат, мени такыр жактырбайт. Балдары тил албайт. Болбосо аларды мектепке даярдап, ишин кылган мен. Өзүм абийирдүү кыз болуп туруп эмнеге баласы бар адамга турмушка чыккам деп өзүмдү күнөөлөп келем. Баш кошконубузга 4 жыл болду, балалуу боло элекпиз. Эжемдер «ажырашып кет» дейт, апам «өзүң тийгенсиц, жаша» дейт. Абдан кыйналып кеттим. Үйдөгү бардык түйшүк менин мойнумда, күйөөмдүн балдары такыр жардам беришпейт, жеп-ичип эле жатышат. Бир жагынан кайненем… Күйөөм болсо аларга эч нерсе дей албайт. Жаш туруп өгөй эне болгонума өкүнөм. Азыр болгону 25 жаштамын, күйөөм 35те. Мага кеңеш бериңиздерчи, ажырашып кетсемби? Же бул жашоомду кантип жеңем, кантип өзгөртөм?

БУЛАК: Леди. kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here