Бишкекте дарыгерге көрүнгөнү келген өспүрүм кыз бейтапканада көз жумган. Бул тууралуу  Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрда милицияга №8 ҮДБда  өспүрүм каза болгондугу тууралуу билдирүү келип түшкөн. Азыркы учурда тиешелүү болгон бардык экспертизалар дайындалган, иликтөө жүрүп жатат.

Ошол күнү 15-16 жаштагы өспүрүм невропатологго атасы менен келген. Дарыгер ага ийне сайган соң, ал каза болуп калган.

Ал эми  Саламаттык сактоо министрлиги бул тууралуу  Экспертизанын жыйынтыгын күтүп жаткандыгын айтышкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here