Жалал-Абадда 62 жашында жүрөк оорусунан улам Пайзуллабек Паязбекович Рахманов каза тапты. Бул адам Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлигинин эӊ жакын адамынын бири катары жалпы элге жакшы таанымал болгон. Ал 2005-жылы Свердлов районунун акими болуп дайындалган. 2008-жылдан 2010- жылдарга чейин Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер фондунун төрөгасы болуп иштеп турган. 2010-жылы 7-апрелден кийин ал Бакиевдерди колдогондордун аркасы менен Жалал-Абад облустук админстрациясын басып алып, өзүн губернатор катары жарыялаган. Бирок көп өтпөй өлкөдөн качып кеткен. Ага коррупция баштаган бир нече берене боюнча кылмыш иши козголгон.  2012-жылы Казакстанда кармалып, Биринчи май райондук соту аны 10 жыл эркинен ажыраткан. Рахманов  бир, эки жыл мурун эркиндикке чыгып, жүрөгүнөн жабыркап ооруп жүргөн. Анын артында 8 баласы, 19 небереси калды

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here