Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Кытайдын туристтери үчүн визасын режим киргизүү керектигин парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Анын айтымында, дүйнөдөгү туризм тармагынан түзүлгөн ички дүң продукциянын 30 пайызын дал ушул Кытай туристтери берет экен. Ошондой эле  Кыргызстан туризм боюнча потенциалы көп болгону менен анын 10 пайызын да колдоно албай жатканын кошумчалады.

Депутат Россия менен Казакстан Кытайдан топ-топ болуп келген туристтер үчүн визасыз режим киргизгенин айтып, алардын тажрыйбасын колдонуу керектигин айтты.

«Россия менен Казакстан 15 жылдан бери тобу менен келген кытай туристтери үчүн визасыз режимди иштетип келет. Кытай биздин жаныбызда. 30-40 турист тобу менен келсе, аны туристтик компания Кыргызстандан кайта чыгып кетүүсүнүн милдетин алып, кыдыртып, кайра узатып коюшат. Бул жерде компаниянын жоопкерчилиги абдан жогору. Биз эмне үчүн потенциалды колдонбойбуз? Мигарция кызматы, УКМК алардын баарын бул жакта калып кала турчу жаран катары көрүшөт экен. Биз башка жагын да карашыбыз керек. Кыргызстанга келген туристтердин кайта чыгып кетишин камсыз кылсак, курч көйгөй чечмекпиз. Бир жылда 5-6 миллион туристти тейлеп канчалаган киши жумуш менен камсыз болмок», — деди депутат.

Эл өкүлү аталган маселени парламенттин профилдик комитети буга чейин да караганын, аны кайрадан профилдик комитетке тапшыруу керектигин белгиледи.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here