Кыргызстанга кеӊири таанымал «коррупционерлердин» бири Кубанычбек Жумалиевдин кошоматчылыгы укмуш эле да. Бул адам Атамбаев кызматтан кетип жатканда Түндүк-түштүк альтернативдүү жолуна Атамбаевдин ысымын ыйгарууну сунуштап чыгып, элдин кыжырын келтирген эле. Эми бул адам бүгүн ЖК да кыргыз эли жакшы көрбөгөн, кыргыз саясатынын,экономикасынын ушундай аянычтуу ахыбалга кептелишине чоӊ салым кошкон Акаев учурунда премьер болгон Апас Жумагуловго (эмки жылы 85 жашка чыга деген жүйөө менен) КР нын Баатыры наамын берүү сунушун айтты. Ушинтип сүйлөгөндөн эч эле уялышпайт экен. Булар сыйлык-наамдарды оюнчук көрүп алышты. Жумалиевдин буга чейинки жумуштарын тыкыр иликтеп койсо,мунун орду кайда болоорун эл да, өзү да жакшы билет…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here