Өткөн жумада Каракол шаарындагы «Ак тилек» базарында өрт чыгып, 12 соода орун күйүп кетти. ӨКМнин кызматкерлеринин маалыматына таянсак, өрттүн чыгуу себеби аныктала элек.

 Өрт базардагы эл “Обжорка” деп атап койгон катардан чыккан. Ал жердеги он кишинин соода орундары менен катар ошол катарга жанаша эле салынган “Ак Тилек+” базарындагы кездеме жана терезе пардаларды саткан контейнер чыгымга учураган. Болжолдуу чыгымдын наркы 7 млн. сом деп эсептелип жатса, ошонун көбү ошол контейнердики. Бир жакшы жери, ал ишкерге “Ак Тилек+” базарынын администрациясы тарабынан жаңы контейнер берилип, акчалай колдоо көрсөтүлүп жаткан экен. Ал эми, “Ак тилек” базары тарабындагыларга жергиликтүү бийликтен колдоо көрсөтүү жагы каралууда дешет.

Негизи ошол өрт чыккан катар мэрияга карап, муниципалдык жер болуп эсептелет. Себеби, план боюнча дал ушул катарда өрт өчүрүүчү унаалар кирүүчү жол болушу керек эле. Бирок, бир жылдары шаардык мэрия ошол жерди иретке келтирип, өрт коопсуздугун сактоо боюнча аракеттерди көргөндө, ал жерде соода жасагандар каршылык көрсөтүп, орундарынан жылбай коюшкан. Алар базардын ичинен башка орун берүүнү талап кылышкан. Албетте, мэрияда андай мүмкүнчүлүк жок эле. Себеби, базардан башка жери жеке менчиктики. Андыктан, ушул базарда ушул күнгө чейин өрт өчүрүүчү машина тоскоолдуксуз кирүүгө мүмкүн эмес. Бул жолу өрт кечки саат 22лер чамасында башталгандыктан, өрт чыккан жерге жетүү оңоюраак болгон. ӨКМнин Каракол шаардык бөлүмүнүн кызматкерлеринин айтуусунда, каршы-терши тартып алган жиптер, жолго чейин коюлган орундар аз болсо да убакытты алган.

А чынында базар 1949-жылы генплан менен Каракол базары болуп азыр турган кирпичтен салынган чек боюнча салынган экен. Анын аянты 4,5 гектар. Ал жер да башкалардай эле ортодо ар кандай замандарга тушугуп, менчиктештирүү заманында облпотребсоюзга өтөт. Азыр ошол облпотребсоюздун жери Мукаш Исаевге карайт. 2 гектар 97 сотыхка жакыны ошол кишиники, калганы жеке менчикке өтүп кеткен. Жеке ишкерлер кенедей жерлердин кожоюндары болуп калышкан. Ошентип көптөгөн кожоюну бар базар Караколдун басымдуу бөлүгү соода-сатык жасаган жай. Мында болжолдуу 250 киши соода жасайт.

Ушунча кожоюн өзү каалагандай иш кылып, кээси кышында алдындагы музду чагып койгондон да эринишет. Ал эми, Исаев “Мен базардын баарына ээ эмесмин. Жеке ишкерлер мени укпайт” деген шылтоо менен базардагы абалды ойлоп койгусу да келбейт.

Ал эми, ошол “Ак-Тилек” базарындагы жеке ишкерлер профсоюзунун төрайымы Атыркүл Сарыбаева “Ак тилек” базарында чыккан өрт тууралуу айтып, ишкерлердин көбү насыя алып иштегенин, аларды колдоо, соода жасаган орундарын оңдоп берүү зарылдыгын билдирет. «Соода кылгандардын пикири боюнча, өрт электр энергиясынан чыгып, тамак жасоодо колдонулган баллондор жарылганда күчөп кеткен. Мындан сырткары, «Ак тилек +» базарындагы жанаша жайланышкан контейнерлеги товарлар да ысып, ээрчип, жараксыз абалга келген. Ушул жерде өрт чыккыдай жана өрт өчүрүүчү машиналар кирбегидей жагдайлар бар болчу. Мында соода жасагандарга башка орундар берилбей келди. Алар ички миграциядан келгендер. Базарда чыр өтө көп, кожоюндар да көп. Бул маселени муниципалитет чечиши керек эле”-дейт ал.

Ошентип,  “Ак тилектин” ичи менен өткөн “обжорка” орду атайын өрт коопсуздугун сактоочу жол болот деген ойлор да суу кечпей калган. Бир карасаң, анда соода-сатык жасагандарды да түшүнгүң келет. Алар да башка жумуш жок, эптеп балдарын багуунун камын уруп жүргөндөр. Бирок, ошол жерде тамак- аш саткандардын санитардык талаптарга жооп бербеген абалын көрүп, денең жыйрылат. Ачык асман алдында, жүздөгөн киши өтчү жерге шашлык менен бышкан манты, самсылардын үстү жабылбай турганы таң калтырат.

Базарга барып, ары жагын карасаң, бут кийим, байпак, батек, бери жагы тамак-аш, бозо, жарма, айтоор бары жоктун баары аралашып калган ашмалтай жашоону көрөсүң. Алармандан сатарманы көп бул жерде жүрүп, чын эле биздин элдин жашоосу базар болуп калганбы деп да ойлоп кетет экенсиң. Болбосо, канча жылдан бери ушул жердеги “бардак” оңолот эле го. Базар экономикасына жаңы өткөн баш аламан жашоодо базар алгач кандай болсо, эч өзгөрбөй дал ошол калыбынан жазбай келе жатканы күйбөгөн жериңди күл кылат.

Андан бери канча суу агып, канча жылдар өттү. Ал арада шаарда канча бийлик алмашып, базар жөнүндө канча сөз козголду. Бирок, базар турат, баягысындай, кирсең, баш айланткан абалда.

Каракол шаарындагы “Ак тилек” базарын аралап жүрүп кыштын кыраан чилдесинде буту-колун сындырып алгандар да бар. Товарлардын үстүнө каршы-терши тартып алган целлофанга толгон суулар куюлуп, кишилер өтчү жерлер тоңуп, томпойгон муздан киши басып өтө албаган абалга жеткенин бир эмес, миң киши айтып берер.

Мен базардын ошол музунан колун сындырган таанышымдын ден соолугун сурап барган күн да болду. Кыргызбыз да. Дароо акт түзүп, чуу көтөргөндү жактырбайбыз. Болбосо, облустук оорукананын травматология бөлүмүндө бир катар жарандар ар кандай жараттарды алганын оорукананын бейтаптарды түшүргөн журналынан да көргөм.

Базардын айланасында жашаган жашоочулар үйлөрүнүн айланасы таштандыга толуп, анда ит, мышык, анысы аз келгенсип келемиштер жортуп жүргөнү, таңкы саат 4төн баштап тынчтык бузулуп, жүк ташуучу автоунаа жүрүп, таңкы уйкудан калтыраары жана дагы толуп жаткан көйгөйлөрдү айтышат.

Базарды аралап жүрүп анда соода-сатык жүргүзгөн кай бир адамдар менен сүйлөштүк. Көбү анда шарт жок экенин айтат. Арийне, башка жумуш болбогондуктан, бул жер акча табуунун булагы болуп жана алар соода жүргүзгөн жер менчик болуп калганын билдиришти.

Кай бирлер 2000 соода орундуктан орто эсеп менен 20 сом чогултулса да, күнүнө 40 000 сом чогулат дешет. Анан анын кайсы бир бөлүгүн базардын кебетесин оңдоого жумшаса болбойт беле?

Көпчүлүк агымын токтотуу кыйын. Эл кандай жер болсо да, арзаныраак, соода көбүрөөк болгон жерге бара берери белгилүү. Албетте, биз “Ак тилек” жабылсын дегенден алыспыз. Бирок, убакыт өткөн сайын ар бир нерсе мезгил талабына ылайык оңолушу керек. Мындай чакчелекей жашоонун акыркы чеги да болушу керек эмеспи!

2013-жылдын соңунда бир нече чет элдик уюмдар “Ак тилектин” абалын оңдоо боюнча долбоор баштап, алгач анда изилдөө жүргүзүшкөн. Изилдөөдө соода кылган 2000 адамдан сурамыжылоо жүрүп, анын 78 пайызы иштеп жаткан шартка ыраазы эместигин билдирген.

Ошентип, шартка ыраазы болбогон менен, “Ак тилек” Караколдогу өзүнчө мамлекеттей эле болуп өз саясатын жүргүзүп келет. Анын айланасында эле канчалаган дүкөн, чач тарач, дарыкана, ал тургай кайсы бир банктардын бөлүмдөрү бар. Базарга жакын үйлөр соода жасоого, бирөөлөрдүн товарларын коюп, сактап бергенге үйлөрүн ижарага беришет. Бир бөлмөнү бир айга 10 миңден 15 миңге чейин ижарага бергендер бар. Айтор, ушундай жашоо баарыбызга жагат окшобойбу. “Эшегине жараша тушагы” дегендей, мындай абалды жергиликтүү бийлик да, базар ээси да, соода-сатык кылгандар да оңдогусу жок. Ал эми карапайым эл кайда болсо да, тамак-аш, буюм-тайымды арзаныраак алганына кудуңдайт. Боткого аралашып жатканыбызды көрсөк да, көрмөксөн болуп, көз жумду адат көпчүлүккө жагып бараткандай. Жок дегенде, эл өткөн жерде чаң аралашкан тамактын үстүн жаап койбойсуңарбы деп айта албаган бизге соодагерлердин ушундай мамилеси татыктуубу деп да ойлойсуң.

 Жумагүл БАРКТАБАСОВА

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here