Өлкө боюнча карылар күнү белгиленип жатат. Карылар биздин кутубуз деп айтканыбыз менен иш жүзүндө өз балдарынан сый көрбөй кор болуп жаткандар да арбын. Кыргыздын  камчыга сап бир топ  уул-кыздары  карылар майрамында карыларга  сый-урмат көрсөтүп келишет. Алардын бири “Сары-Өзөн-Дыйкан” базарынын негиздөөчүсү Маркабаев Эрмек Карасаевич. Эрмек мырза аз күн мурун кичи мекени Жети-Өгүздөгү 350дөй  кары-картаңдарга жайыл дасторконун жайып, алардын жашоо-турмушунан  кабар алып, батасын алыптыр. Өз элин ойлоп, өсө турчу жигит ушинтип карыларды сыйлап, башкаларга үлгү көрсөтөт. Эми Эрмек мырза бул жагынан камчы салдырбай келатат окшойт. Эмне демекчибиз, ылайым эле элге кызмат кылып, ак бата менен агарып-көгөрө берсин.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here