Тышкы иштер министрлиги Жээнбек Кулубаевди Кыргызстандын Казакстандагы элчиси кылып дайындоону  Жогорку Кеңешке сунуш кылды. Парламенттин тармактын комитети бул сунушту колдоого алды.  Кыскасы, Кулубаев элчи болууга ажонун батасын алып алып, андан соң ЖКга келген. ЖК эч каршылыксыз өткөрөрү турган иш. Жээнбек Кулубаев 1963-жылы Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында туулган. Ал буга чейин Кыргызстандын Малайзиядагы жана Кытайдагы элчилигин жетектеп жүргөн.  Ал ушу тапта  Тышкы иштер министрлигинде Азия жана Африка боюнча департаментин жетектеп иштеп жаткан. Кыргызстандын Казакстандагы элчиси 2016-жылдан бери жок. Элчиликти аркалап келген маркум Эсенгул Өмүралиев ошол жылы ден-соолугуна байланыштуу кызматты өткөрүп берген болчу.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here