Жакшы адам дегениӊ кай абалда болсо да жакшы бойдон калат экен. Аз мурун Акыйкатчыны шайлап жатканда ошол ишке талапкер Токон Мамытов оозуна алы келбеген депутаттардан оӊсуз сөздөн жакшы эле укту. Кайран жигит, ошого бир кебелип койбой, айтылган сөздү угуп берди го. Башка бирөө болсо өӊ-алеттен кетип, ачуусу мурдунун учуна келип, айтышып, адыраӊдай жооп кайтарып… турмак да. Мамытов токтоолугунан жазган жок, орундуу кебин айтып турду. Жакшынынын жеӊери бар да, ал депутаттардын 79 добушун алды. Ал эми сынакка катышкан Рита Карасартова 9добуш, Канатбек Азиз 19, Рыскул Бактыбаев 6 добуш алды. Бул сандар кимдин ким экендигин көрсөтүп турбайбы…

«Жакшы» деген сыпаттама жашка да, карыга да бирдей, аял менен эркекке да бирдей. Токон Мамытовдун жакшылыгы жашынын улгайып баратканына карабай жеӊип турбайбы.

Мамытов көп кызматтарда иштеди. Ошол толгон кызматтардын биринде да жаман иштеген жок. Тапшырылган иштеринде жаман сөз укпады, жаман сыпаттамага кабылган жок. Буркан-шарканы жок, бирок, агымы күчтүү жай аккан суу сындуу. Анын токтоолугу, билими, иш тажрыйбасы… баары-баары өӊгөгө мисал болуп бералчу деӊгээлде. Демек, биз буга чейин жетпей келгендей Акыйкатчыга ээ болдук деп туурасын айтсак болот.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here