Фучик жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде жолчырак орнотуу пландалууда. ⠀ Борбордун Биринчи Май районунун тургундарынын кайрылуусу боюнча, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров жана спикердин орун басары Русланбек Жакышов, шаар кызматтары менен бирдикте Ю. Фучик жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде жол кыймылын уюштуруу жана жолчырак орнотуу маселелери менен жеринен барып таанышышты. Жолугушуунун жыйынтыгында аталган кайчы жолдо транспорттук агымды женилдетүү жана жол тыгындарын кыскартуу үчүн жолчырак орнотуу зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынды. ⠀ Жолчырак объектисин үстүдөгү жыл аягына чыкканга чейин орнотуу пландалууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here