Эл артисти  Саламат Садыковага  Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытованын «пенсионерлер акчасын чогултуп, дүйнө кыдырып саякаттаса болот»- деп  балп эткен сөзү катуу жагыптыр.  Жалпы коомчулук Мамытованы катуу сындап, ал тургай айрымдар каргап турганда, Садыкова ошол көпчүлүктү каргап-шилеп жиберди. Анын жазгандарын төмөндө окуӊуз:

«Көбөйтүп жатса да жакпайт. Оозуңарга таш тийгирлер ай.. Тап татына жаштарыбызды деле өстүрбөй мынча кекеерлүү кесирлүү карөзгөй эл болдук. Лунара жаңы гана коомдогу ордун таап ак ниетинен пикир бөлүшүп жатса да жамандагандар деги ким жагат бизге.. Баары эле жаман ушул интернет желесиндеги тилинен «уу» чачкандар өзүңөргө- өзүңөр да жакпасаңар керек. Бул жашоого келгениңерге нааразы болсоңор Кудайга наалып жатканыңарды түшүнөөр бекенсиңер.. Кесирлүү кемтик издегендердин аралында качан кимдир бирөөнү алкап рахмат раазылык шүгүр тобоо дээр бекенсиңер…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here