Журналист Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева  соц . баракчасына жолдошун эскерип, жакындарына ыраазычылык билдирип, төмөндөгүдөй билдирүүү жазды.

«Жашоо сапары мынча эрте бүтөрүн күнү-түнү жанында жүргөн мен да аңдабай калдым. Ичтеги куйутту суроттого эч бир создун кудурети жетпейт. Ичибиз эңшерилип, жашообуз заматта астын-үстүн болуп кеткенин айтпасам деле туюп жатсаңыздар керек. Кантели… Башка арга да, амал да жок. Атам, апам, жакындары бири-бирибизди сооротуп отуруп калдык. Жашоодо көп эле кыйынчылык көрдүм, бирок, мынчалык кунарсыз күндөргө алгачкы жолу кабылышым.

Дагы эле үмүтүм үзүлбөй, “Каражан, сени ким капа кылды?” деп адатынча шашып кирип келчүдөй сезилет. Ошондой болсо кана? Же сүрөттөгүдөй мени да ээрчите кеткендечи? Айтор, ушунчалык түйшүктүү суроолор көп…

Бизди оор күндө колдоп, кайгыбызды тең бөлүшкөн ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем. Мындай жамандыкты эч кимдин башына салбасын деп айткым келбейт, анткени ажал барибир башка салат. Барибир эртеби, кечпи каратып туруп жакындарыбызды колдон жулуп кетет. Жашоо мыйзамынан баш тарта албайт турбайбызбы биз алсыз. Андыктан, Улан айткандай, көзү өткөндө гана мактабай, тирүүлүктө сыйлашып, жакшы сөзүбүздү, жылуу мамилебизди бири-биризден аябасак. Жалгыз айтарым ушул».

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here