Кай маселе болсо да, аны түшүнүп-түшүнбөй турса да популисттик кылып мурдун тыга берген Мавлян Аскарбековду көптөр көргөндө аллергиясы кармайт. Бул жигит өзүн укмуш сезип, элге акыл үйрөтүү жагынан эч кимди деле алдына салбайт го чиркин. Бишкек мэриясы эми ушундай эргул жигитти Биринчи Май районунун акиминин турак жай, коммуналдык чарба иштери боюнча орун басар болуп дайындалды. Албетте, атагынан чатагы арбын Мавлянды мэр Суракматов өзү эле билип бул кызматка дайындаган жок. Аны өкмөт, президенттик аппарат менен кеңешип-кесип олтуруп, анан акыркы чечимге келди. Мейли дейли акылдуусунган Аскарбековго да кызмат берип, сындап көрүшсүн. Баса, Мавлян Суракматов мэр болуп шайланып жатканда ага каршы болуп “пазор” деп кыйкырып жүрдү эле. Эми “пазор” мэрдин алдында “пазор” болуп иштеп көрсүн. Кыскасы, бул маселе кыжырды келтире турган эле маселе болуп калды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here