Кадамжай районунда эркек кишинин бычакталып каза болгон жансыз денеси табылды. Ыкчам иликтөө иштеринин алкагында бул кылмышка шектүү адам кармалганын Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 2-октябрда билдирди.

Жансыз денени жолдун четинде токтоп турган автоунаадан көргөнүн Миң-Чынар айылынын тургуну 1-октябрь күнү саат 09:00 чамасында милиция кызматкерлерине билдирген. Кадамжай РИИБдин ыкчам тобу окуя болгон жерге барганда эркек кишинин бир нече жолу бычак сайылган денесин табышкан. Анын өздүгү такталып, 37 жаштагы жергиликтүү тургун экени аныкталды.

Андан көп узабай Кадамжай РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери ошол эле айылдын 34 жаштагы тургунун оор кылмышка шектүү катары кармашты. Бул факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here