Португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун америкалык кызды зордуктаганы боюнча иши кайра жанданды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги The Sun басылмасынын журналисти Жеймс Билдин Twitter баракчасындагы билдирүүсүнө шилтеме кылып жазды.

«Лас-Вегастын борбордук полиция департаменти кыз зордуктады деген Криштиану Роналдунун ишин кайра иликтей баштаганын тастыктады. Маалыматтарга ылайык, 2018-жылдын сентябрында футболчуга карата иш кайра ачылып, тергөөчүлөр жабырлануучу тарабынан берилген маалыматтарды изилдеп жатат», — деди Бил.

Жума күнү Spiegel журналы америкалык Кэтрин Майорга Роналду аны зордуктап койгонун айтып чыкканын жазды. Аталган басылма 2017-жылы дагы португалиялык футболчу 2009-жылы кыз зордуктаган деп айыпталганын кабарлаган. Spiegel маалымдагандай, 2010-жылдын январь айында Роналду тарап жабырлануучуга 375 миң доллар төлөп берген. Алардын сотко чейинки келишимине ылайык, тараптар окуянын чоо-жайын эч кимге айтпай, айыптоолорунан баш тартуусу керек болгон.

Кийин Роналдунун адвокаты жарыяланган макала үчүн Spiegel басылмасын сотко бере тургандыгын жар салган.

Булак:sputnik.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here