Тажикстандын Лахш районундагы (мурдагы Жерге-Тал району) Кошой айлында жашаган жети кыргыз автокырсыкка кабылып каза болгону маалым болду. Бул тууралуу алардын Кыргызстандагы туугандары жана Тажикстандагы жердештери «Азаттык» радиосуна билдиришкен.
Алар 30-сентябрда күнү картошка казып түн ичинде автоунаа менен үйүнө келатышкан. Бийик кыядан өтүп жатканда айдоочу автоунаны башкара албай калып, кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен: Темирбай Шарапов аттуу жаран жана анын үч уулу, Насир Шарапов жана анын бир уулу, мындан тышкары алардын туугандарынын бир баласы каза тапкан. Мындан тышкары, 5 адам жабыркап, экөөнүн абалы оор экекни айтылууда