Индонезияда  жер титиреп , кырсык болуп жатканда абакта камалып жаткан жүздөгөн кишилер качып кетти. Бул тууралуу  ntv.ru жазып чыкты.

Пауло шаарындагы абакта камалып жаткан 340тай киши жер титирөө башталганда жетекчилигинен бошотуп жиберүүнү талап кылышкан. Алар абактын ичинде чуу чыгарышып, өрт чыгарганга жетишкен. Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери барганы менен абалды тынчтандырып калышкан эмес. Камактагы 100дөй киши качып кеткен.

Бул аймак зилзиладан аябай жабыркагандыктан ,учурда калгандарын күч менен кайтарып жатышат.

Цунаминин башталышы.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here