Бишкектин Чүй проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде
Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу микроавтобус Бишкек ШИИБ ЖКККБдин инспекторун коюп кетти. Бул тууралуу sputnik.kg жазып чыкты.

Жабыркаган адамдын шеригинин айтымында, инспектор окуучуларды жөө кишилер өтө турчу жерден өткөрүү үчүн айдоочуларды токтотуу үчүн жолго чыккан.

Инспектордун шеригинин айтымында, маршрутка какканда ал 10 метрдей учуп кеткен.

Айдоочу болсо башка тарапты карап алаксып кеткендиктен инспекторду көрбөй калганын билдирди. Ал эми кичи автобустун маңдайкы айнеги сынып, алды мырыйып кеткен.

Дарыгерлердин айтымында, инспектордун бели сынып кетиши мүмкүн деп божомолдошууда.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here