«ИНСА» маалымат агенттиги Иранда спирт ичимдигине массалык түрдө ууланып жаткандар боюнча кабар таратты. Бүгүнкү күндө  Ирандын төрт провинциясында аракка ууланып каза тапкандардын саны 27  адамга жетти.  Ал эми өлкө боюнча 302 адам ооруканага кайрылган. Алардын арасында абалы оор адамдар да бар.

Иранда 1979-жылкы революциядан кийин  спирт ичимдиктерине тыюу салынганы менен бул мыйзам жакшы иштеген эмес. Ичкендерге айып салуу маселеси да ишке кирген.  Айыптан качкан ирандыктардын көбү үйдө жасалган ичимдиктерди ичип келишет. Буга чейин аракка ууланып каза болгон окуялар катталып келет.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here