О, атаганат де, ошол замандан айланса болот, аялы аял болуп, эркекги эркек болуп, аялы эркекке таянып, эркеги аялга таянып, эриш-аракак болуп жашаган убакты айтабыз, ошондо аялдарыбыз аябагандай адептүү эле, мээрими жүзүнөн куюлуп, үлбүрөп назик болушчу. Аял деген эркекти накта адам кылып турчу… Эми болсо, аялдар нечен бир мыкты сапаттарынан ажырап турат. Гендер саясаты дегенди бир жактуу түшүнүп алган аялдар, тим элеби, тим эле, зоңкулдап эркек болуп алышты. Биротоло эркек болуп кетүүгө бир гана нерсеси гана жетпей турат… Ушундай тиришумдук жылдар өтө берсе, аны деле жасатып алышат го… Аялдар эмне гана кылышпайт?! Качан мас болуп келип чатак салат деп үйүндө калтырай аялын күткөн эркектер пайда болуп жатканына не дедиңер?!

Кечээ жакында эле Социалдык жакта коргоо министринин орун басары Зууракан Каденова деген аял бир делегация менен Сеулдан бери учмай болуп жатып чатак чыгарат. Көрсө, бул айым алигиден айда согуп алыптыр да, анын анысы денесине тарап, мээсин тегеретип, жосунсуз иштерди жасаткан го… Ал айымдын айынан самолет маалында учпай калыптыр… Бул өтө уят иш. Кайран корейлер эмнелерди гана ойлободу экен… бери дегенде кыргыздын аялдары алкаш болот деген экен деген бүтүмгө келишти го!

Эми ошол кадимкидей эле ичкен аял: «Мен арак ичкен эмесмин, валерянка ичкем, ошондон башым айланып…» деп жанын жеп актанып жатпайбы. Өзүнөн башка адамдардын баарын келесоо көрөт окшобойбу. Мындай аялдар толгон-токой күбөлөр барын деле карабайт экен! Мас адам менен дары ичип башы айланган адамдын айырмасын дени-карды соо адамдардын баары эле билсе керек…

Зууракан Каденова физика-математика илимдеринин кандидаты экен. Бир ирет билим берүү министринин орун басары да болуп иштептир… ошол «валерянканын» айынан кызматынан кол жууду. Эми анын аропорттогу мастыгы акырындап унутулуп, бул айым дагы бир чоң кызматтан башы чыгары бар… биздин заманда баары болот, анын үстүнө аялдын мастыгы эрен-төрөн алынбай баратбайбы…

Баратбай Аракеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here