КРнын эмгек сиңирген врачы, Бишкектеги №6 -шаардык оорукананын башкы дарыгери Кошойбек Ибраимовдун кыргыз коомчулугу жакшы билет. Бирок Кошойбек мырза кыргыздын кайсы атактуу залкарларынын жакын тууганы экенин баарыбыз  эле биле бербейбиз. Көрсө, Кошойбек мырза, айтылуу алп манасчы Сагымбай Орозбаковго жакын тууган болот экен. Белгилүү болгондой жакынкы күндөрү залкар манасчынын 150 жылдык мааракеси Кочкор жеринде өткөнү турат. Мына ушуга байланыштуу биз Кошойбек мырзаны учкай кепке тарттык.

—Кошойбек мырза, Сагымбай манасчы атабызга кандайча тууган болосуз?

—Орозбак  менен Орозой бир тууган болушкан. Орозойдун небереси Козубак, Козубактан Исмаил, Исмаилден менин атам Ибрагим.  Биздин түпкү жерибиз Жумгул жергеси. Саяк ичинде мойнок уругунан болобуз.  Бала кезден тартып аталарыбыздан Сагымбай атабыздын чоң манасчы болгонун көп угуп, көп таасирленип жүрдүк. Бирок алп манасчы көп деле бааланбай жатат деп айтып калышчу. Бул сөз менин жадымда сакталып жүрдү. Манасчы атабызды көтөрүп, даңазаоолону тилек кылып келгем. 2015-жылы Улуттук академия каражат болсо эле Сагымбай Орозбаковдун энциклопедиясын чыгарууну демилгелеп калды. Бул иштин башында академик Абдылдажан Акматалиев турду. Китеп чыгарууга, академик Шайлообек Мусакожоев,  ЖК депутаты Абтандил Кулбараков,  мен жана  Сагымбай атабыздын неберелери 50 миң сомдон  бергенбиз. Жалпы жонунан китеп миң  нускада басылып чыккан. Китеп чыккандан кийин илимий-практикалык конференция өткөн. Арбагы ыраазы болсун дейли. Чынында манасчы атабыздын элибизге калтырып кеткен опол тоодой асыл эмгегин дагы да даңазалап, улуу инсанга таазим кылып жүрүү ар бирибиздин атуулдук милдетибиз. Алп манасчынын бизге калтырып кеткен “Манасын” кийинки муундарга көздүн карегиндей сактап, кийинки муундарга толугу менен жеткирип, аларды Манас атабыздын керемет дүйнөсүн менен тааныштыруу ар бирибиздин парызыбыз.

Жакында алп манасчы атабыздын 150 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленгени турат. Биз да бул  маанилүү иш-чарага өз салымыбызды кошобуз. Сагымбай атабыздын Жумгалдын Кызарт айылындагы туугандары да мааракеге кызуу даярданышып, боз үй тигебиз деп жатышат.

—Сиздин аталарыңыздан да манас айтышкан бекен?

—Манасчылык талант бизде жок. Бирок менин чоң атам өз заманында Исмаил кат-сабаты жоюлган,  орус тилин мыкты билген котормочу болгон экен. 1937-жылы репрессияда жалган-жалаа менен атылып кеткен. Анын баласы Ибраим согушка катышкан. Ал дагы жазмкерлик менен алектинип, Жазуучулар союзунун мүчөсү болуп,  элге кызмат кылган. Бизда аталарыздын жолун жолдоп, элге кызмат кылып келатабыз.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here