—Өзүӊүздү окурмандарга толук тааныштырып өтсөӊүз?

 —Мен Бөлтүрүков Данияр  “Намыс” саясий кыймылынын төрагасымын. Жакында Мадумаров Үзөӊгү-Кууш, Каркыра боюнча эки жолу маалымат жыйынын өткөрдү. Ал боюнча эч ким пикирин билдирбей койду. Бул боюнча пикирибизди билдирели деп биз чыгып жатабыз. Бир учурда Атамбаев койго теӊеп койду эле. Маалымат жыйынында Мадумаров: “Мен бир инимдин үйүнө барсам тооктору аябай көп экен. Короо жагына барсам тоокторунун баары мага чуркады. Андан кийин кайра келип  кроватка жатсам кичинекей баласы келсе тооктордун баары ошого чуркап жатат. Колдо эч нерсе жок. Карап туруп мен биздин элдин мүнөзүн тоокко теӊедим”деп жатпайбы. Мурун Атамбаев койго теӊесе, Мадумаров тоокко теӊесе чындыгында кыргыз эли экөө ойлогондой эмес. Кыргыз эли эч кандай кой да, тоок да эмес. Кыргыз эли чындыгында өзүнүн жолу менен келаткан улуу эл да. Саясатчылар эртеӊки шайлоонун айынан каякка кошуларын билбей оюн ачык билдире албай Мадумаровдон коркуп жатат. Мурунку маалымат жыйынында Каркыра боюнча актанып “мен саткан эмесмин, бул боюнча Акаев менен Назарбаев 2002-жылы Астанада кол коюшкан”-дейт. Мейли, экөө кол коюшсун. Бул башка сөз. 2006-жылы ратификация кылып туруп ошол Мадумаров спикер болуп  турганда 65 депутат колдоп берген. Чындыгында ал жерде Назарбаевдин да, Акаевдин да колу жок. Эгерде Мадумаров ошондо Манастын, Раззаковдун тукумумун деп өзүн ойлосо мындай ишке бармак эмес. Бул боюнча эч ким оюн билдирбей жатат. Же тилиненби, же өзүнөн коркуп жатабы билбейм. Мына ущул боюнча биз оюбузду билдирели дедик эле. Бул акыретти да аралаштырып сүйлөп жатат. Бизде мейли Кумтөр болобу, мейли ТЭЦ болобу бул ички саясат болгондуктан чечиле турган  маселе да. А, талаш жерге байланыштуу маселеге аралашпай эле койбойбу. Үзөӊгү-Кууш Кытайга өтөөрдө каршы чыкканы чындык. Бирок Үзөӊгү-Кууштун айынан аксылыктар митингге чыгып эл өлүп, арты революцияга алып келди. Элди ким аттырды эле? Бакиев премьер-министр болуп турганда Тайфун операциясы ишке ашып, канчалаган мекендештерибиз окко учкан. Мага баатырлыкты бербейби дейт Мадумаров. Анда эмнеге Бакиевдин учурунда анын саясатын колдоду? Үзөӊгү-Кууш Мадумаров үчүн саясий упай болгон. Андан кийин Каркыра боюнча өзүнүн жүзүн көрсөткөн.  Манас атам тирүү болгондо азыркы замандын Абыке, Көбөшү болмок. Балбай атам тирүү болгондо буга окшогон жер саткындарды сүйлөтмөк тургай журттан бөлмөк. Бүгүнкү күндө болсо негизинен баарына эле каршы чыгып жатат. Мадумаров 2005-жылы Бакиевдин учурунда мамлекеттин башындагы экинчи, үчүнчү адам болгон.  Ошол учурда Жаныш Бакиевге камчы карматкан видеосу интернетте жүрбөйбү. “Алла Таала эркекке  үч жолу оомат берет” деп айтылат эмеспи. Буга ошондо экинчи жолу даана оомат келген да. Азыр үчүнчүсүн күтүп отурат. Бирок  бүгүнкү күндө жаштар ошого жол бербейбиз. Жакында ошол боюнча үгүттү баштайбыз.

—Ал үчүн кандай чара көрөсүӊөр?

 —Биз буга окшогон саясатчыларга чындыкты айтып каршы чыгып турушубуз керек. Башка жол жок.  Андыктан биз жер-жерлерде  акцияларды өткөрүп элге түшүндүрөбүз. Себеби эч ким унчукпаса эл мунун айтканы туура турбайбы деп ойлошот. Намыс деген нерсе бар да туурабы? Эртеӊки күндө оюбузду айтсак бул бийликтин буйрутмасы деп ойлошу мүмкүн. Андай эмес. Саясий көз караш деген бар. Биздин артыбызда эч ким жок. Биздин кыймыл  “Намыс” деп бекеринен түзүлгөн эмес.

—Эми ушундай нерсе сөз бойдон калбастан элге сиӊе турган иш менен коштолушу керек да. Туурабы?

 —Мадумаров өзү тарыхчы эмеспи. Эми мындай ыплас ишке аралашкандан кийин тарыхта кандай калат? Биз бул боюнча октябрдын башында же ортосунда чоӊ жыйын өткөрөбүз. Себеби булардын максаты эптеп эле бийликке жетүү экен да. Бийликке жеткенден кийин Каркыра боюнча ишке аралашып кетпедиби. Эгерде ошончолук Мадумаровдун башы иштегенде Алла үчүн бул ишке аралашмак эмес.

 —А, кокус Мадумаров бул маалыматты билгенден кийин сизди дебатка чакырса эмне кылмакчысыз?

 —Кыргыз элим үчүн, жерим үчүн , тарых үчүн, намыс үчүн даярмын…

 —“Намыс” саясий кыймылы тууралуу кыскача  маалымат бере кетпейсизби?

 —Биз 2011-жылы  Кыргызстан жаштар кеӊешин түзүп өз ишмердүүлүгүбүздү жүргүзүп келгенбиз. Анан ичибизден ыдырап бийликке кошулуп, башка партияларга кеткенден тышкары калгандар жаштар кеӊешинен чыгып туруп ошол эле система менен областтарда иш алып барчубуз. Акыры ушул “Намыс” саясий кыймылын түздүк. Биз “Эски саясатчылардан арылмайын Кыргызстан оӊолбойт” деген ураандын алдында чыгабыз. Ошолордун ичинде Мадумаров да бар !

Суроо салган:  Нуркемел ИСАЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here