Кыргызстандын Акыйкатчысы кызматына бир нече адам  талапкер болуп талпынып чыкты. Алардын аарсынан татыктуусу эле генерал Токон Мамытов экенин көрүнүп турат. Калгандары тажрыйбасы аз, салмагы чак, чоң кызматта иштеп көрбөгөндөр экен. Элге белгилүү болгондой Токон Мамытовдун иштебеген кызматы деле калбады. УКМКда жетекчилик кызматтарда көп жыл иштеп жүрүп, генерал-лейтенат болду. Чек ара кызматын эки ирет башкарды. Коргоо министринин орун басары, депутат, вице-премьер министр, губернатор, “Кыргыз алтын” сыяктуу мамлекеттик ишкананын жетекчиси, өкмөт башчынын кеңешчиси өңдүү кызматтарды аркалады. Ал ушунча көп кызматта иштесе да,  артынан башкалардай “жеп-ичип” алды деген кептерди ээрчиткен жок. Салыштырмалуу таза иштеди десек болот. Эми иштейлеги Акыйкатчылык кызмат, анан образдуу айтканда премьер –министрлик кызмат жана президенттик кызмат калыптыр. Акыркы экөөнү айта албайбыз. Бирок Токон мырзаны АКЫЙКАТЧЫ катары жакшы иштеп берет деп ишеним артсак болот. Жогорку Кеңеш деле бул жагынан тиешелүү  жыйынтык чыгарса керек…

Булак:Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here