“Мамаккапчан” ырдап чыккан кызды колдогон мандемдүүлөр

Эки-үч күн мурун Асылбек Жооданбеков деген Жогорку окуу жайларда мугалим болуп иштеп, кыргыздын салт-санаасын, кыз баланын тарбиясын жакшы эле билген Асылбек Жооданбек деген билимдүү-илимдүү эле инсандын 19 жаштагы Зере деген кызы уят-сыйытты жыйыштырып коюп,  ич кийимчен ырдап тартылган “Кыз” деген клип-тасмасын элге таратты. Кыздардын ашкере эркиндигин, абийирсиздигин даңазалап ырдаган бул кызды жалпы коомчулук жакшы эле катуу сынга алды. Ата-энесине да бир топ сөз тийди. Бирок айрым мээсинен айныган мандемдүүлөр бул көз карашы тетири кызды, ал ырдап чыккан эч кандай мааниси тантыраак ырды, кыздын жарым жылаңач кийимин колдогон мандемдүүлөр да чыкты. Айрым акылы пас кыздардын минтип элди көзгө илбей, самтырап кийинип алып, тамтырап ырдап чыкканына тыюу салуу зарыл. Илгери минтип көпкөндөрдүн тизгинин тартып турчу Көркөм Кеңеш бар эле. Азыр ырчыларга мына ошондой теске салган, сапатсыздарды самандай чачып салган Көркөм Кеңеш керек болуп турат. Болбосо, ириген ооздон чириген сөз чыгарган ырчы сөрөйлөрдүн тизгинин тартып, көзүн ачып турбаса болбойт. Буга чейин Маданият министрлигин жетектегендер бири да  талапка ылайык Көркөм Кеңеш түзгөнгө дарамети жетпеди. Азыркы министр Жумагулов ушул жумушту жасай алат болду бекен? Аттиң, бул иш  Султакенин деле колунан келбейт го… Деги мамлекеттин колунан келеби?

Булак:Багыт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here