Жогорку Кеңештин тармактык комитети Жаңыл Мамбеталынын Жогорку Соттун судьялык кызматына талапкерлигин карап, жактырып койду. Бул адам бир топ жылдан бери судьялык кызматты аркалап келген. Бирок мыкты судьялардын эмес, коомчулук тарабынан көп сындарга кабылган, бийликтин көрсөтмөлөрүн так аткарган судьялардын катарында. Анан калса, бир жылдары Жаңыл Мамбеталынын 2013-жылы финполдо тергөөчү болуп иштеген  Маматиров Бектур деген  баласына кылмыш иши козголгону маалым. Ал 6 миң доллар пара алуу кылмыш ишине шектелип, УКМК тарабынан кармалган.  Бирок ал тентек баланын судья энекеси баласынын жоопкерчилигин сотко жеткирбей, кылмыш ишин кыскартууга жетишкени учурунда көп талкууга алынган. Муну Жаңыл мырза өзү да тастыктады.  Ошол эле учурда энеси сот эмес, карапайым жигиттердин далай болор-болбос кылмыш иштери менен көп жылга соттолуп жатат. Андайларды Жаңыл айым деле өз башынан өткөрсө керек… Бийликке артында ушундай калбыры бар, иши менен башкаларга үлгү боло албаган “ляппай таксыр” дегендер эле керек окшойт. Эми Жаңыл айымдын  талапкерлиги Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат. ЖоКе колдоп береби, же бул талапкердин канатын  толгоп береби? Эмнеси болсо да, парламент менен Жээнбеков Жаңыл айымдын талапкерлигин жактырып, Жогорку Сотко судья кыла турган болсо, анда дагы бир судьяда чоң жаңылыштыкка жол беришкен болот. Минтип олтурса, сот тармагы эзели оңолбойт…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here