Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Расул Маматкулов  super.kgге ырчылык кесиби, баласы жана кызы Айгерим тууралуу маек берген.

Ошол маектен кыскача:  » Кыбызды эл аябай жакшы кабыл алчу. Тим эле сахнадан кетирбей кечке кол чаап турушчу. “Мерседес”, “Жанарым” деген ырларыма бийлечү. Кийимин апасы тиктирип берген. Ал идеядан эмес, Айгеримдин сахнага чыгам деген умтулуусунан улам болгон. Анткени мен ага ырдаганга уруксат берген эмесмин. 3-4 жашында эле “ата, мен ырдайм” дечү. Мен “ырдабайсың” дейм. Анткени
15 жашка чыкканга чейин ырдатпайм деп катуу кармадым. Өткөөл курактан кийин ырдатам дечүмүн. Анткени үнүн бузуп алуусу мүмкүн эле. Үнү сопрано болсо, кээ бириники сопрано боюнча калат же меццо-сопрано болуп өзгөрүлүп кетет. Өзүнчө ырдап жүрчү, бирок эл алдына15 жашында чыкты.  “15 жашыңда каалаган ырыңды ырдатам, кызым” дегем. Гастролдо жанымда бийлеп чоңойду. Азыр кичүү кызым да сахнага чыгам деп жүрөт, көңүлү үчүн ырдатымыш болуп койдум, бирок башка кесиптин ээси болушун каалайт элем»-деген ырчы Расул Маматкулов. 

Эске сала кетсек, Айгеримдин алып баруучу Нурзат Токтосунова менен чачташканы тууралуу тасмасы элге тарап, катуу сынга алынууда.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here