Ырчылардын арасынан назик үнү, жакшынакай жүрүм-туруму менен айырмаланган,  “Сагынам”, “Жаан”, “Бир өзүӊ” аттуу хит ырлардын аткаруучусу, ай чырайлуу Элима менен кенен отуруп, анын чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу барлаша алдык.

  • Элима, алгач өзүӊүз туурасында кенен айтып кетсеӊиз. Кайсы жакта төрөлүп , балалыгыӊыз кайда өткөн?
  • Өзүм негизи Чүйдүн кызымын, бирок балалыгымдын таттуу, аруу кези жер соорусу болгон Нарын облусунун Нарын шаарында өткөн. Ал жактан орто мектепти аяктагам. Төрт бир туугандын улуусу болгондуктан, кичүү бөбөктөрүмө үлгү болсом экен деп көп ойлочумун.
  • Ырчылык бала кезиӊиздеги кыялыӊызбы?
  • Ырчылыкты бала кезимдеги кыялым десем жаӊылышпасам керек. Мектепте окуп жүргөндө эле коомдук, маданий иш чараларга, конкурстарга, жаш таланттардын сынактарына активдүү катышып жүрчүмүн. Албетте, ал кезде азыркыдай минусовка менен эмес, аккордеон, ямаха сыяктуу музыкалык аспаптардын коштоосунда ырдап калчумун. Негизи эле чыгармачылык канымда десем да болот. Себеби, тайлар жагымда сөздүн берметин терип, сөзгө абдан тереӊ маани берип, сөз кадырлаган жамакчы адамдар көп. Ошондуктанбы, мен да сүйлөп жаткан сөзүмө абдан дыкат маани берем. 2009-жылдан бери ыйык сахнада өз өнөрүмдү тартуулап келем.
  • Кайсы кесиптин ээсисиз? Музыкалык билимиӊиз барбы?
  • Биринчи КМКТУнун Программист факультетин аяктагам. Бирок, канча убакыт болбосун жан дүйнөӊ чыгармачылыкка тартып турса, баары бир бир убакта ал сыртка ташкындап чыгат экен. Өзүм ар бир ишти жасаардан мурун ал ишти алып кетиш үчүн өтө тереӊ ойлонуп анан кадам таштайм. Ырчылыкка келүү туурасында да абдан ойлонуп, анан ушул кадамга келгем. Учурда Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда окуйм. Ырчы болуш үчүн албетте үн керек, бирок музыкалык сабатыӊ жоюлса андан жакшы деп ойлойм.
  • Алгачкы устатыӊыз ким?
  • Алгачкы устатым Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти, композитор, ырчы Жамиля Муратова эже. Үнүмдү коюп, репертуар тандап, мага вокал жагынан да, деги эле чыгармачылыкта кеп-кеӊешин берип келет.
  • Ырчылыктан тышкары дагы кандай өнөрүӊүз бар?
  • Аялзаты ар түрдүү өнөрдүн ээси болот эмеспи. Мен ырчымын деп эле убактымдын баарын ырга жумшабайм. Аялзатына тийиштүү өнөрдүн баары менде да бар. Бирок, айрыкча сүрөт тартканды жактырам. Андан сырткары кыздарды сулуу кылып боегонду сүйөм. Чыгармачыл адам болгондон кийин кечелерге, концерт дагы башка эл менен жолугушууларга көбүрөөк баргандыктан, дайыма эле салонго барганга убакыт табыла бербейт. Ошондуктан, визажист, стилист жагын да окуп үйрөнүп алгам. Азыр бир жакка бараарда өзүм эле боено калам.
  • Кандай чыгармаларды аткарган жагат?
  • Негизи мен бардык жаш, орто жана улуу муундагы угуучулардын табитине жараша ырларды аткарып келем. Албетте, орчундуу, мазмундуу ырларды аткарганга аракет кылам. Алдыда жакшы пландарым бар. Күйөрмандарыма күз айларынын башында жаӊы клиптин бет ачарын тартуулайм деп турам.
  • Өзүӊүздүн дарегиӊизге тескери сын-пикирлерди уксаӊыз кандай реакция кыласыз?
  • Медалдын эки тарабы болгондой эле, жашоодо жакшы менен жаман, ак менен кара кошо жүрөт эмеспи. Өзүӊдүн дарегиӊе дайыма жакшы пикир угууга болбойт. Адамдар өзүнүн табитине жараша ырчылардын чыгармачылыгын да тандашат эмеспи. Бир эле учурда бардык угармандарга жагуу өтө кыйын. Бирок, эл адамы болгондон кийин чыгармачылыктан тышкаркы жашоодогу тескери жагыбызды биз ырчылар өзүбүз да көрсөтпөсөк жакшы болмок. Кээ бир кесиптештеримдин жеке жашоосуна чейин талкуулашканда, аларга боорум ооруп кетет. Бирок, азырынча менин дарегиме анча-мынча майда сындар айтылганы менен орой же оор сын тагуулар боло элек. Өзүм да чыгармачылыгымдын, имиджимдин үстүнөн көбүрөөк иштегенге аракеттенем. “Жаман – деген бир сөз бар, жууса кеткис, жакшы – деген бир сөз бар кууса жеткис” – деп апамдын айтканы кулагыма сиӊип калыптыр. Кичине эле бир жерден жаӊылсаӊ болду, жаман атты болуп каласыӊ.
  • Азыр той көп болуп, ырчылардын саны да көбөйүп бара жатат. Тойлорго чыгасызбы?
  • Тойлорго негизи атайылап барган жокмун, бирок чыгармачыл адам болгондон кийин туугандар, тааныштар же күйөрмандарым аркылуу чакыруулар болуп турат. Быйылтан баштап тойлорго да чыга баштадым десем болот. Азыр той жана сахна ырчысы деп бөлүп жатышпайбы. Мен андайга кошулбайт элем. Себеби, эгер сенин үнүӊ, чыгармачылыгыӊ күйөрмандарыӊа жакса эмне үчүн тойго чыгып ырдабашыӊ керек.
  • Үнүӊүздү кантип бапестейсиз?
  • Ырчы менен алып баруучулар үнү менен нан таап жеп жаткандан кийин сөзсүз үнүнө өтө кылдат мамиле кылуусу керек. Айрыкча ырчылар үн байламталары үзүлүп же үнү бүтүп калбашы үчүн көп аракеттерди кылабыз. Мен балмуздак, газдалган суусундук, өтө ачуу жегенден сактанам. Андан сырткары абдан чочуп, же катуу жинденгенде эмоциямды да көп чыгарбаганга аракеттенем. Азыр күзүндө шамалдап же тердеп калбай, чыйрыкпаганга аракеттенем.
  • Кыздар дүкөн кыдырганда же курбусу менен маектешип отуруп чай ичкенде эс алышат. Сизчи?
  • Мен курбу күтүп, аны менен дүкөн кыдырып, маектешкенди өтө жактыра бербейм. Мен үчүн жөн гана жакшы көргөн адамымдын кучагында эс алгандан өткөн эс алуу жок. Негизи эле бош убактым болуп калса машинемди зуулдатып алып, жаратылышка эс алганды жактырам. Шар аккан суудан, балатылардан, негизи эле жаратылыштан укмуштуудай энергия алам. Андан сырткары, сергек жашоо образын колдойм, спортко кызыгам.
  • Эл адамы болгондон кийин сырткы келбетке көбүрөөк көӊүл бура жүрбөсө болбойт эмеспи. Сиз келбетиӊизге кантип кам көрөсүз?
  • Келбетти сулуу алып жүрүүнүн көп жолдору бар. Аны кыздар жакшы билишсе керек. Ай сайын салондорго баргандан сырткары, мыкты бет майлар, маскалар менен колдонушат. Менин болгон өӊ келбетим, азыркы сиз көрүп тургандай. Кудайым мага өзүмө тиешелүү сулуулукту берген. Сулуулуктун биринчи белгиси бул сергектик эмеспи. Мен өз убагында уктап, өз убагында турганга аракеттенем. Көп чарчабаганга умтулам. Себеби, канча сулуу болсоӊ да, чарчап турсаӊ, ажарыӊ ачылбайт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here