—Динара Зарлыковна, быйыл улуттук госпиталдын түзүлүп, иштеп жатканына туура 140 жыл болгон экен. Көзгө басар, бирден-бир госпиталдын тарых-таржымалын окурмандарга кыскача айтып берсеӊиз?

—Биздин Улуттук госпиталдын түзүлүп иштеп жатканына  быйыл туура 140 жыл толду. Биз бул мааракени өтө чоӊ болбосо да, чоңураак деӊгээлде өткөрүүгө камынып, даярдыктарды көрүп жатабыз. Улуттук госпиталдын тарыхына кыскача токтоло кетейин. 1878-жылдын 26-май күнү госпиталыбыздын түптөлгөн күнү. Дал ошол күнү Токмок шаарынан Пишпек шаарына эки койкасы бар оорукчандарды кабыл алуу бөлүмү көчүрүлүп келген. Мына ушул иштердин башында фельдшер Василий Михайлович Фрунзе,  уезддик дарыгер Адам Пржегоцкийский , улуу дарыгер Федор Поярков турган. 1917-жылдагы Октябрь революциясына чейин Пишпектеги госпиталь 40 койкалуу болуп,  кадимкидей кадыресе иштеп калган. Совет бийлиги орногондон кийин, койкалары көбөйүп, ар кыл бөлүмдөр ачыла баштаган. Мисалы, 1925-жылы 75 койка болуп, биринчилерден болуп, терапия, балдар бөлүмү жана акушер бөлүмдөрү ачылган.

1939-жылы кыргыз мамлекеттик медициналык  институту ачылган. Ошол жылдан тартып аталган окуу жайга биздин улуттук госпиталыбыз клиникалык база болуп келатат. Биз бул жагын баса белгилеп айтып коюшубуз керек.

    —Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында улуттук госпитал кандай деӊгээлде иштеди?

      —Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына жакын улуттук госпиталдын койкалары 470кежеткен. Айтор, өз милдетин толук аткарып турган. Ал тургай өнүгүүгө карай бет алган десек болот. 1942-жылдары биздин шаардык госпиталга Харьков шаарынан тажрыйбалуу дарыгерлер келип иштеп башташкан. Ошол жылдардан баштап кафедралар ачылып, өнүгүү иштери жолго коюлган десек болот. Согуштан жарадар болуп кайткан жоокерлерди, тылда кызмат кылган элди дарылап, өз милдетин так аткарган. 1956-жылы шаардык госпиталдын койкасы 600гө жеткен. Ошол жылы шаардык госпиталга республикалык клиникалык оорукана деген статус берилген.

Мына ошол мезгилден баштап, оорулардын түрлөрүнө жараша  өзүнчө бөлүнүп баштаган. Ага чейин бардык бөлүмдөрдүн баары эле шаардык госпиталдын карамагында болгон. Бир сөз менен айтканда, Кыргызстандагы ооруканалардын башаты, өзөгү дал ушул улуттук госпиталга келип такалат. Азыр республикабызда  (жеке менчик ооруканаларды эске албаганда) кандай ооруканалар болсо, ошонун баары эле убагында улуттук госпиталдан бөлүнүп чыккан. Негизи биздин милдет жардам берүү эле эмес, улуттун саламаттыгына кам көрүү болуп эсептелет. Мына ушул багыттарда да бир катар иштерди жасап жатабыз.

    —Жалпысынан алганда улуттук госпиталдын азыркы абалы тууралуу маалыматтарды уксак…

—Бизде 20га жакын имараттарыбыз бар. Эң эскиси Ахунбаев атындагы клиника, ал имарат 1926-жылы курулган. Андан кийин көз ооруларын дарылоо боюнча имаратыбыз 1939-жылы курулган. Андан кийин 1942-жылы салынган, 1970-1980-жылдардын аралыгында салынган имараттарыбыз бар.  Улуттук госпитал үчүн  бир чоң көйгөй катары — Москва көчөсү менен Бөкөнбаев көчөлөрү бөлүп турганын айтсак болот. Чынында бул маселе бизге кыйынчылыктарды жаратат да. Азыркы учурда бизде жалпысынан 34 бөлүм  бар. Кызматкерлерибиздин саны 1500. Койкалардын саны 1070ке жетет. Ал эми бир жылда биздин улуттук госпиталга жатып, дарыланып кеткен адамдардын саны 36 миңге жетет. Бул жерден айта кетчү жагдай, бизге кайрылган адамдардын 60тан ашык пайызы айылдардан келишет.

Ал эми эң эле жаңы имаратыбыз 2013-жылы Кытай Эл Республикасы  грант түрүндө   6 кабаттуу имаратты салып, ичин бүт жабдуулары менен  жабдып берген. Ал имаратта урология борбору жайгашып, иштеп жатат. Кудай буйруса, 5-октябрда улуттук тарых музейинде улуттук госпиталдын 140 жылдыгына арналган эл аралык чоң илимий практикалык -конференция өткөрүүнү пландап жатыбыз. Бул конференция эки күнгө созулат. Эмнеге дегенде,  ал биздин 140 жылдык мааракеге арналган эң  негизги иш-чаралардын бири болмокчу. Маараке өткөрөбүз деп өкмөттөн деле акча сураган жокпуз. Бардык чыгымдарды өз каражатыбыз менен көтөрүү аракетинде болобуз.

—Сиз 140 жылдык мааракеге өкмөттөн акча сурабай эле өз күчүбүз, өз каражатыбыз менен өткөрүп жатабыз деп жатпайсызбы. Жакында айрым бир маалымат каражаттары сизди ушул мааракеге деп кол алдындагылардан акча чогултуп жатыптыр, кызматкерлер ага каршы экен деп жазышты да. Бул маселени өз оозуңуздан уксак…

—Бул маалымат такыр чындыкка жатпайт. Биз кантип ар бир дарыгерден мааракеге деп акча чогултабыз? Бул биздин иштөөбүзгө туура келбеген, тескери көрүнүштөрдүн бири. Көрө албагандардын кеби болсо керек. Ушак деңгээлиндеги кеп…

—Улуттук госпиталдын имараттарын оңдоого өкмөттөн бир топ акча бөлүндү эле. Анда оңдоо иши, тендер маселеси боюнча да ар кандай сөздөр айтылды. Бул маселенин чоо-жайын толугураак айтып коёсузбу?

—2015-жылы өкмөттөн биздин госпиталдын айрым имараттарын оңдоого 70 млн. сом бөлүнөт деген маалымат келген. Ал акчага Москва көчөсүнүн  ылдый жагында жайгашкан: эки нейрохирургия, эки нейротрамва, реанимация бөлүмү, эндокрология, неврология-1 ж.б. бөлүмдөрү жайгашкан имараттарды, ошондой эле Ахунбаев атындагы клиникадагы үч бөлүмдү оңдоо чечимин кабыл алганбыз. Тендерде имараттардын чатырын оңдоо укугун  бир фирма уткан. Ал фирма 2016-жылы эле чатырларды алмаштырып, талапка ылайык иштерди жасап кетишкен.     Ал эми тендерде  имараттардын ички иштерин оңдоо укугун башка  “Тамис” аттуу фирма уткан болчу. Мына ошол курулуш фирмасы менен бизде абдан эле чоң көйгөйлөр жаралды. Себеби,  аталган курулуш фирмасы өзүнө алган милдеттемени так аткарбай,  ишти  абдан созуп,  жоопкерчилиги жок мамиле кылып, бизди, биздин кызматкерлерди да кыйнап койду. Ушундан улам, биз аталган фирманын үстүнөн УКМКга, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына арыз менен кайрылганбыз. Алар кылмыш ишин козгошкон. Биз да өзүнчө жарандык тартипте сотко берип, утуп алганбыз. Айтор, бөлүнгөн каражат оңдоо иштерине сарапталсын деп, катуу көзөмөл менен аракет кылдык. Сооронбай Шарипович ал убакта өкмөт башчы болчу. Өзүм дагы ал  кишинин кабылдамасына жазылып, иштин чоо-жайын толук түшүндүрүп бергем. Натыйжада, Сооронбай Шарипович баарын өзү көзөмөлгө алды. Ошондон кийин биздин имараттарды оңдоо иштери алдыга жылып, талапка ылайык оңдолуп, быйыл жыл башында колдонууга берилди. Жалпысынан 70 млн. сом каражатка 9 бөлүм жайгашкан имараттар оңдолду. Мен бул кызматка келгенге чейин дагы, тагыраагы 2014-жылдары да өкмөттөн  бир топ акча бөлүнүп, 14 бөлүм оңдолгон экен. Жогоруда айтпадымбы, бизде жалпысынан 34 бөлүм бар деп. Дагы оңдоого муктаж болуп турган: рентген борбору, поликлиникабыз жайгашкан имараттын ичи бар. Быйыл болсо өзүбүздүн күчүбүз менен дагы бир бөлүмдү оңдоп жатабыз.

Булак: Багыт

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here