ДКОнун эӊ башкы, эӊ бүйүр кызыткан оюну — бул көк — бөрү экени талашсыз. Көк-бөрүнүнфиналдык оюнунда беттешкен Кыргызстан менен  Өзбекстандын курама командасында кыргыз улакчылары  өзбек улакчыларын 32 : 9 эсеби менен утуп, Үчүнчү дүйнөлүк  көчмөндөр  оюнун үчүнчү жолку чемпиону болду. Эске сала кетсек, кыргыздарга атаандаш болот делген казак улакчылары кечээ өзбек командасына 5: 4 эсеби менен утулуп калган. Бул баарыбыз үчүн күтүүсүз болуп калды. Казак командасы бүгүн үчүнчү орун үчүн «Москва» командасы менен беттешип, атаандашын 17:1 эсеби менен утуп, коло медалга татышты. Ал эми өзбектер тарыхта биринчи жолу финалда казактарды утуп, финалда кыргыздар менен беттешти. Кыргыз  улакчылар мейман достугун көрсөтүп, өзбек улакчыларына өз тайказанына 10 ирет  атайы салууга мүмкүнчүлүк түзүп беришти. Бул да болсо кыргыз улакчыларынын Көк-бөрү оюну Өзбекстанга да жакшылап жайылып, алардын да кызыгуусу дагы да артсын деген көз карашы экенин туура түшүнүшүбүз зарыл. Бул финалдык оюнда Манас Ниязов менен Рустам Тыналиев өздөрүнүн мыктылгын көрсөтүшүп, чынгы фаворит болушту. Биз да Кыргызстанды, кыргыз улакчыларын кайрадан  чемпион болушу менен чын дилибизден куттуктайбыз!

Мелдештин байге фонду 6 млн 200 миң сом. 1-орунга 3 млн сом, 2-орунга 1,5 млн, 3-орунга 1 млн сом акчалай сыйлык берилет. Андан сырткары мыкты оюнчуга жана мыкты аргымакка 100 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here