Рыскелди Шамиев.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Эл аралык Кыргыз-күрөш Федерациясы негизделди!
Бул тууралуу дене тарбия, жаштар жана спорт комитетинин маалымат кызматы билдирди. Федерациянын Президенти болуп, Кыргыз Республикасынын Кыргыз-күрөш Федерациясынын Президенти Шамиев Рыскелди Ишенбаевич шайланды.
Вице-президенти болуп, Нидерланды мамлекетинин жараны, аталган мамлекеттин спорт департаментинин атайы өкүлү , жеке ишкер Метью Олде Клиeверик (Mathew Olde Klieverik) дайындалды
Эл аралык Федерациянын түзүлүшү — дүйнөлүк спорт аренасында кыргыз күрөшүн кеңири жайылтуу менен аброюн эл аралык деңгээлге көтөрөт !
Улуттук спорттун түрлөрүнө кирген кыргыз күрөшүнүн өнүгүшүнө салымын кошкон Республикалык Кыргыз-күрөш Федерациясынын Президенти Шамиев Рыскелди Ишенбаевичке терең ыраазычылык билдиребиз жана албан ийгиликтерди каалайбыз!
Аталган федерациянын президенти 4 жылда бир шайланып турат.