Жеңил атлетчи Дарья Маслова КРнын жеңил атлетика федерациясынан 1 млн сом сыйлык алат. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда  Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

«Тарыхта биринчи жолу кыргызстандык спортчу бир оюнда алтын жана күмүш утту. Ал кийин эле мелдешке чыкты. Аба ырайы абдан оор болду. Акыркы 5 жылдан бери аны Виктор Борисов машыктырат. Ал үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Дарья Маслова КРнын жеңил атлетика федерациясынын атынан 1 млн сом сыйлык алат», — деди Аманкулов.

Дарья Маслова Индонезияда өткөн Азия оюндарында 10000 метр аралыкка чуркап алтын медаль уткан. Кийинки күнү 5000 метр аралыкта күмүш медаль утту.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here