Кыргыз  спортчусу Владимир Золоев  Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында дзюдо боюнча мелдеште коло байгени жеӊип алганы маалым болду. Маалыматта: ал 81 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, 3-орун үчүн беттеште жапониялык Такеши Сасакини таза жеңип алды.

Золоев бул мелдеште жалпысынан үч беттеш өткөрдү. Алгач сириялык Касем Мохаммадды утуп, чейрек финалда түштүк кореялык Ли Сеунг Суга жеңилип калган.

Кийин жооткотуучу беттеште кытайлык Гао Хайюайнды жеңип алган.  Бул күнү дагы бир кыргызстандык дзюдочу Бектур Рысмамбетов (73 кг) коло байге үчүн таймашта Бириккен араб спортчусу Виктор Скворцовго жеңилип калды. Ошондой эле татамиге чыккан дагы бир кыргызстандык спортчу Айжан Кадырбекова (70 кг) алгачкы беттешинде монголиялык атаандашына жеңилди.  Жалпы командалык рейтингде Кыргызстан 19 медаль менен 22-орунда келатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here