Бүгүн, 28-августта Кыргызстандык жеӊил атлетчи  Дарья Маслова жайкы  Азия оюндарында экинчи келип, күмүш медал тагынды.  Ал 5 миң метр аралыкка чуркап, экинчи келген.

Маарага биринчи болуп эфиопиялык жөө күлүк 15 мүнөт 8,09 секунд убакытта жетсе, Маслова 15 мүнөт 30,57 секунд убакытта маарага жеткен. Ал эми коло байгеге Бахрейндин атынан чыккан эфиоп кызы 15 мүнөт 36,78 секунддагы көрсөткүч менен татыктуу болду.

эске салсак, буга чейин 25-августта Дарья Маслова атаандаштарынан мараага эң биринчи жетип, алтын медаль тагынган.  Ал 10 миң метрди 32 мүнөт 07.23 секундда басып өткөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here