Дарыгерлер экс-депутат Өмүрбек Текебаевге неврология борборунда дарылануусун улантууну сунушташууда. Бул тууралуу анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, операция жасоо маселеси ачык бойдон калууда. Соттолуучу өзү калкан безинин жанында пайда болгон шишикти алып салууга макулдугун бере элек.

Ал Улуттук кардиология борборуна 1-августта келип түшкөн.

Эске салсак,Өмүрбек Текебаев «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылган. Ал күнөөсүз экенин, саясий куугунтукка кабылганын айтып келет

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here