Азия оюндарында жеӊил атлетика боюнча биринчи келип, алтын медалга ээ болгон Дарья Масловага учурунда эч ким желек берип койгон жок-деп учурда соц сетте кызуу талкуу болуп жаткан учуру.

«kaktus.media» порталы спорт комитетинин жетекчилигинен  окуя тууралуу кенен маалымат алган.

Өзбек журналисти Ильясовдун билдирүүсү кыргыз коомчулугуна тез эле тарап, ар кандай пикирлер жазыла баштаган эле.

“Өкүнүчтүүсү интернетте отуруп алып эле, окуянын себебин билбей, ар кандай терс пикирлерди жазып жатканыбызда.  Спортчубуздун алтын медаль алганынана сүйүнбөстөн, аркандай такталбаган маалыматтарды таратып жатышат.  Дарья алдыда дагы жарышка чыгат. Спортчунун психологиялык абалын ойлошубуз керек.   Ага деле интернеттеги терс маанидеги пикирлерди окуганы  жагымсыз эле болот ”- деди  дене тарбия жана спорт комитетинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн  жетекчиси Нурдин Султанбаев.

Индонезияга кыргызстандан жалпы 200 киши кеткен. Алардын 150сү спортчулар, 50сү тренерлер, штабдын кызматкерлери жана олимпиада комитетинен  Каныбек Осмоналиев барган.

Дарья Маслова биринчи келгенде мен финиште болчумун. Аны сүрөткө тартып жатканмын.  Каныбек Осмоналиев менен  Канат Аманкулов  трибунада болчу. Менин дагы ,башкалардын дагы  желек бергенге мүмкүнчүлүгүбүз болбой калды. Анткени стадион абдан чоӊ болгондуктан, аралык алыс болуп калды. Ал жерге кирип барууга руксат жок болчу.

Белгилей кетчу нерсе бир эле убакта спорттун бир нече түрүнөн мелдеш өтүп жатты. Ушул 50 киши  алар менен иштешип дагы, сүрөп дагы жатышты. Оюн өтүп жаткан жерлер бири биринен алыс болгондуктан, бир жерден экинчи жерге барыш үчүн бир сааттай убакыт кетип жатты.

Эске сала кетсек, Кыргызстандык жеңил атлетчи Дарья Маслова ушул күндөрү Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында 10 он миң метрге чуркоодо алтын медаль тагынган.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here