Иллюстративдик сүрөт

Чүй областынын Токмок шаарында кикбоксинг боюнча өтүп жаткан турнирде 14 жаштагы өспүрүм каза болду. Бул тууралу бир катар булактар жазып чыкты.

Турнир ушул жылдын19-авгуттунда болгон. Турнир учурунда рингге 14 жаштагы эки катышуучу чыккан. Бокс учурунда боор тушка тийген соккудан кийин, балдардын бири жыгылып түшүп, ошол бойдон эсине келбей каза болгон.

Маркум  Ош шаарынан машыктыруучусу жана башка турнирдин катышуучулары менен келген. Ошол эле күнү Оштон ата-энеси келип, алардын көзөмөлүндө медициналык экспертиза жүргүзүлгөн. Экспертизанын жыйынтыгы менен баланын башына кан уюп калганы белгилүү болгон.

Рингге чыгаардын алдында врач  баланы  текшерип чыгарган. Бирок анда эч кандай оорунун белгилери байкалган эмес.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here