ЖҮРӨКТҮ АЯР ТЫҢШАСАМ…

Кечээки көргөн бүгүн жок дейт…

Ошол кечти эстесем, адам ар бир ирмемден жыйынтык чыгара билип, ушул бир келген өмүрдүн өзү кээде түш өңдөнсө, кээде ажайып сөз менен айтып жеткире алгыс керемет нерсе экенин унутпаса дей берем. Эрмек агай астананы аттай кирген кезде күүгүм түшүп, көз байланып калган. Бирде ал, армандуу балалыгы менен кошо жалындуу жаштыгын, эзелки менен азыркыны туташтырып кармаган эл шайырларынын кылык-жоруктарынан кеп салып, өмүр ылдам учуп олтуруп минтип жетимишти желкелеп калганын өрөпкүй кеп кылса – мен тыңшап, ортодон 3-4 сааттык убакытты өткөрүп ийиппиз… Качан гана саат жебеси кечки тогузду какканда ордубуздан козголуп, үй-үйүбүзгө тарадык. Ортодон апта өтпөй Эрмек агайдын айткан жан дүйнөсү жазылып, гезит бетинен орун алды. Андан кийин жолдон бет келип калганда, ал-абалды сурашып, бирок, кененирээк кеп козгогондой убакыт таба албай жүрдүк. Элге сиңирген эмгекти утурлай 70 жашымды белгилейм деп турганда капилеттен ажал бет келип, Эрмек агабыз акырет сапар аттанып кете берди…

Эрмек агайдын ушул ички сыры 2014-жылдын кышкы кечинде жазылды эле…

 * * *

Калган калды, бирин көзгө илбеймин,

Бастым ашуу, тайгак жолдун миңдейин.

Шаан-шөкөт, той экен го тирүүлүк,

Той дебесем анан аны не дейин?

Жашоо чиркин, бир тамшаным нерсе экен,

Кант жедимби, бал жедимби, билбеймин?!

Алыкул ОСМОНОВ

Акын өзү жаш болсо да ушул саптарды жазып атканда өмүр деген өзү эмне деп түнү менен түйшөлүп, терең ойго баткандыр!? Бала чагынан ден соолуктун азабын тарткан Алыкул адам баласына бир берилген ушул өмүр туурасында бизден алдаганча көп ойлонуп, санаага малынганы айныксыз чындык. Себеби, акынды турмуш чекесинен сылап эркелетпестен тестиер кезинен жетим калтырып, эне менен ата мээриминен да куру жалак калтырганы өтө өкүнүчтүү…

* * *

Жетим…

-Ушул сөздө канчалык азап катылып жатканын жакшы түшүнөм. Анда мен беш жаштагы тестиер бала элем. Согуш аяктап калганына төрт-беш жыл болгондуктан, эл али жакшы ирдене элек кез. Атам башкарма болгондуктан эртели-кеч эл чарбасын оңдойбуз деп иш менен алек. А мен үйдө апамдын кучагына бөлөнүп, мээримине жылынам. Анан курсагымды тойгузган соң көчөгө атып чыгып, өзүм курдуу балдар менен оюнга кирем. Ушундай окшош, оюнга кумар канбай капарымда эч нерсе жок жүргөн кезде үйүбүздү кайгы басып, өкүрүк чыкты. Заматта күлкүм токтоп, жаак ылдый жаш тоголонду. Апам бизди таштап, а дүйнө жайга сапар алды. Атам экөөбүз бири-бирибизди элейе тиктеп, үн жок – сөз жок тунжурайбыз. Жашым бешке толбой жатып оюн токтоп, ой басты. Үйүбүздөн береке качып, кут учту…

Кызык?! Ошондо нелерди ойлодум экен? Айтор, оюнкараак бала мурдагыдай көчөдө көпөлөк уулабай өңү кубарды. Ошол кезде апам менин баамымда кайдадыр бир белгисиз багытка сапар алып, конокко кеткендей туюлчу. Коноктон мына жакын арада апам кайтып келээр деген ойлор башыма келип-кетип, тынчымды алганын эч жашыра албайм. Көрсө, аркы дүйнө эмес, ушул дүйнөгө биз конок экенибизди кийин күч-кубатка толуп, өнөрдүн аркасы менен эл-жер аралаган кезде түшүндүм.

Көргөнүмөн көрөлегим көп экен… Арадан эки-үч жыл аяк баспай атамдан да ажырап, эми таптакыр таянаар тоосу жок томолой жетим деген атка кондум. Таянаар тага журтум же атамдын жакын туугандары болсочу!?

* * *

Көп өтпөй мени ата-бабабыз жердеген Оштун “Жапалак” айылынан өң тааныш адамдар кайдадыр алып жөнөштү. Каралашаар тууган-туушканы жок немени кайда алып барышмак эле? Өзгөн районундагы “Куршаб” жетим балдар мектебинин босогосун аттап жатканымда алдыда кандай күндөр турганын, тагдыр эми мени чекеден сылап эркелетеби же чекеге чаап ары-бери каалагандай калчайбы, али белгисиз!?

Жер бетинде бир гана мен жетим экенмин десем интернаттагылар да ата-эне мээриминен эрте ажыраган тагдырдын өгөй балдары экен. “А” деген арипти тааныганы партага олтурдум. Ошол кездеги тартиптин катуулугун айт! Кокус сабакта “2” деген баа алып кала турган болсоң, бир ай бою пол жуумай деген мыйзам киргизип алышкан. Пол жуугуң келбейби, демек, бардык сабактан жакшы окуганга тийишсиң. Бул татаал мыйзамдын мага кийин турмуш жолумда пайдасы гана тийбесе, зыянын деле тартканым жок…

* * *

Куршабдагы мектеп-интернатынан 8-классты ийгиликтүү аяктап, Токмоктогу училищиге туш болдум. Училище да Кудайдан жөө качкан жалаң жетим балдардан куралган экен, айрым учурда акыл эмес муштум башкарган окуяларга туш болуп, кай бирде күчүбүз ашынып кетсе, кармаштарга өзүбүз да түшө калабыз.

Техникалык училище болгондуктан бул кесипке анчейин деле көңүлүм чаппайт. Маданият үйүнө келип ырдаганды өнөр көрөм. Көрсө, Жараткан мага ушул өнөрдү ыроологон тура. Эки жылдан кийин окууну аяктап, эми эзели техникалык кесип менен алектенбейм деп шаарга келдим да, Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеге тапшырып өттүм кеттим. Музыкалык билим алгандан кийин Кызыл Армиянын катарында үч жарым жыл кызмат өтөп, аскерде солист болуп орусча ырларды аткарып жүрдүм.

* * *

1967-жыл… Филармонияга жаңыдан ишке орношком. Кыргыз эстрадасын түзөбүз деген Чоро Кожомжаров мени катарына кошуп алды. Эстрадалык топто Зейнеп Шакеева, Гүлмайрам Момушева болуп эл аралап өнөрүбүздү тартуулайбыз. Бирде кыштын кыраан чилдесинде калып айыл-кыштактарды араласак, бирде жайкы аптапта алыскы тоолорго чейин чыгып, ар бирибиз жети-сегизден ыр аткарабыз.

Күндөрдүн биринде Аксуубай Атабаев:

— “Эне жөнүндө баллада” деген обонум бар. Ошону сен элге алып чыкчы! – деп калды. Мен, караманча каршы чыктым. Куршабдагы интернатта да, Токмокто да жалаң орусча окугандыктан кыргыз тилинде ээн-эркин сүйлөгөнгө чама-чаркым жетчү эмес. Аксуубай менин каршылык көрсөткөнүмө көнбөдү. Азыр олтуруп ушул окуяны эстегенде, кайран гана обончу, ушул ыр мага төп келээрин акыл-эсинде аңдай билген тура деп калам. Энеден эрте ажыраган жетим неме ырды элге жеткире алат деп ишенген турбайбы. Айла жок, өтүнүчүн орундатууга кириштим. Ырдын текстин жаттап, даярдык көрө баштадым. Арадан аз күн өтпөй Аксуубай чачын буурул баскан бир кишини өзү менен кошо ээрчите келди. Аксуубай экөө “Эне жөнүндө балладаны” ырда дешти.

Түбөлүк түн күзөткөн канаттуудай,

Уйкудан чолпон көзүн ачкан энем.

Алдыма ажал келип турса дагы,

Мен үчүн жанды курман кылат энем.

 Асыл энем, таалайым энем,

Жыргалым сен, бакытым сен,

Сүйүктүү менин энем…

Аксуубайдын жүрөк титиреткен кайрыгына тексттин төп келгенин көр! Көмөкөйүмдөн чыккан добушту Аксуубай да, алиги чачын буурул баскан адам да берилип угушту. Тигине, менин армандуу бала чагым! Эч нерсени элебеген бала курак көз алдыга тартылат… Мынакей, апамдын жүзү. Апамдын элеси эсиме даана сакталбаса да, элес-булас көрүнгөнсүйт. Же атадан жок, же энеден жок жетим жүрүп жетилген оор тагдырым ырдын табиятына терең сүңгүп киргенге мүмкүнчүлүк берди окшобойбу!?

Оо, асылым энем!

Эне мээримине зар болуп эзилген оор тагдырымды жектеп, ыза менен муң аралаш оозумдан жалын куюлуп ырдап аттым… Сыздап аттым… Оор тагдырым обон менен тексттеги ойду жеткире айтканга түрткү берди. Айтор, кайырмасына жеткенде, көздөрүм нымдалыша түштү.

Ыр да аягына чыкты… Карасам, Аксуубайды ээрчип келген буурул чач адамдын көзүнөн жашы салаалап, бүк түшүп шолоктоп ыйлап жатыптыр. Энесинен айрылганына ай айланбай азап чегип жүргөн шордуу неме, обонду угайынчы деп Аксуубайды ээрчип келиптир. Кайрадан суранды. Дагы аткардым. Андан кийин дагы мөгдөп ыйлады. Тааныштык… Көрсө, обондун текстин жазган жазуучу Сагындык Өмүрбаев экен…

“Эне жөнүндө баллада” элдин зор сүйүүсүнө татыды. Кай жерге барбайын, көпчүлүк менден “Эне жөнүндө балладаны” аткарып беришимди өтүнөт. Аксуубайдын эне тууралуу мыкты кайрыгы менин чыгармачыл жолдогу багымды ачкан чыгармага айланды. Радиодон ыр тынбай берилет. Ошол жылы радионун редакциясына бир орус кемпирден Эрмек Мойдуновдун аткаруусундагы “Эне жөнүндө балладаны” коюп бериңиздерчи деп өтүнгөн кат түшөт. Катта орус кемпир: “Эрмек Мойлуновдун аткаруусундагы ушул ырды угуп атканда муун-жүүнүм бошоп, көзүмө жаш тегеренет. Кыргыз тилин билбесем да, бул ыр – эне тууралуу экенин сезип турам!” – деп баяндалат. Катты окуган соң ойго чөмүлдүм… Ошондо ак менен караны ажыратып, адамды адам кылып кармап турган табияттын кооздугуна үндөп, жер бетиндеги адамзатты аруу махабатка жар салып чакырган искусствонун кереметине таазим дедим ичимден. Музыканын керемети ушундадыр?! Искусствонун тили – бир! Анын тили – жүрөктүн тили экенине ошондо толук көзүм жетти…

Андан кийин керемет авандарды жаратышкан композиторлор Атай Огомбаев, Мукан Рыскулбеков, Сардарбек Жумалиев, Түгөлбай Казаковдордун чыгармаларына кайрылдым. Репертуарыма “Күйдүм чок”, “Сары-Ой”, “Тумарым”, “Эсте, энелер!”, “Эжейлерим, агайым”, “Аппагым”, “Сары-Челек”, “Сен менин жазылбаган ырларымсың”, “Кетпейм сага жолукмайынча”, “Эстелик”, “Шумкар”, “Арноо” аттуу ырлар кошулду.

* * *

1970-жылы Асанхан Жумакмактов мени Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине кабыл алды. Ошол күндөн тартып менин чыгармачылык тагдырым оркестрге байланды. Көптөн бери көңүлүмдү арбап алган Бектемир Эгинчиевдин “Айнагүл” деген ырына магдырап, эл алдына алып чыга баштагам. Кайсы бир күнү “Айнагүлдүн” текстин жазган Ормонбек Асановдун өзүнүн аткаруусунда угуп алып, таң калганымды айтпа!? Өзүмдүн ушул ырды кантип уялбай аткарып жүргөнүмдү жектедим. Эртеси ишке барып Асанхан Жумакматовго “мындан ары “Айнагүлдү” эч качан ырдабайм. Репертуардан бул ырды алып салыңыз!” дедим. Оозуман чыккан бул кепке катуу таңданган Асанхан: “Эмнеге?” деди. Ормонбек Асановдун аткаруусунда “Айнагүлдү” уккандан кийин кантип мен бул ырды уялбай ырдайм. Ормонбектей деңгээлге эч качан жеткире албайм дедим, башты төмөн салып. Менин чечимиме ыраазы болгон Асанхан: – Абдан туура кыласың!” – деди да, репертуардан “Айнагүлдү” алып салды…

* * *

Бардыгы кечээ гана болуп өткөн сыңары. Карылыкка кадам ташталган сайын артка кылчайып, баскан изиңе үңүлгөнгө туура келет. Кээде өткөндү эстеп өзөгүм өрттөнсө, кээде жаштыктын не бир шаттуу күндөрүн көз алдыга тартып алып мыйыгыман жылмаям. Кыргызга бир келип, бир кетишкен улуу залкарлардын кылык-жоруктарын эстейм. Асылбек Эшмамбетов, Мыскал Өмүрканова, Шекербек Шеркулов, Ысмайыл Борончиев, Токтонаалы Шабданбаевдер менен чогуу басып, чогуу туруп, алардын батасын алганга жарадым.

Ушул алтын өмүрдө мен жаңылып-жазган болсом, Жараткандан жалбарып кечирим сурайм. Кокус, тырмактай бир из калтырган болсом, анда Жаратканга шүгүр дейм. Чыгармачылык деген Улуу жолго түшүп аз-маз ийгиликтер жаралып, чүкөм айкүр түшкөнүндө куйкасы курушкан жандарды да көрдүм. Күйбөгөн жерим күл болгон учурлар болду. Кайдыгерликке – кайгырдым. Бетке айтам деп, белим майышты. Андайда бирде туруштук берсем, бирде көтөрө албай башты төмөн салып мүңкүрөдүм. Канткен күндө да, тагдырыма миң мертебе ыракмат! Азыр да жүзүкаралыктан качып, жүрөктү тыңшаганга умтулам. Анткени, жүрөк – махабатка жар салып, табияттын ажайып кооздугун гана даңазалайт эмеспи!?

“Жаңы Агым”. 2014-жыл. 26-декабрь.

 Автор: Данияр Исанов

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here