Чаргынбайдын күмбөзү Суусамырдагы Кожомкул айылынын  түндүк тарабында, Көкөмерен дарыясынын жээгине жакын жайгашкан. Бул күмбөз 20-кылымдын башынада курулган.  Чаргынбай Тыйта ажынын жалгыз уулу болгон.  Айрым маалыматтарда анын кол алдында Кожомкул балбан кызмат кылгандыгы айтылат. Ага салынган күмбөз боз үй формасында курулуп, негизинен арча колдонулган. Сырты менен ички бөлүгү ылай менен шыбалган.

Анын ички бетинин эки капталына жана төбөсүнө ылай шыбакка Кожомкул беш манжасын (узундугу 26 см, бармагынын жоондугу 6 см, тырмагынын узундугу 3 см) басып койгон.

Бул күмбөз Кожомкул балбандын 100 жылдык мааракесинде оңдолгон, бирок 1992-жылкы жер титирөөдө урап калган. Күмбөздү 1924-жылы жумгалдык кыпчак уруусунан чыккан Бийназар уста курган. Азыр Кожомкул балбандын бир эле алаканын изи бар. Күмбөздүн алдында Кожомкул балбан көтөргөн 690 кг. салмактагы таш тикесинен сайылып турат.

https://www.youtube.com/watch?v=QHgB44Mtuqw

Кожомкул Каба уулу (1888-1955) кыргыз, казак элине атагы чыккан балбан. 47 жашында салмагы 165 кг, боюнун узундугу 2 м 36 см, манжаларынын узундугу 25 см, баш бармагынын диаметри 4 см болгон. 52өлчөмдөгү өтүк кийген. Күчкө толуп турган убагында салмагы 400 кг чамалуу өгүздү жаракадан сууруп чыккан. Элге “Кожомкулдун ташы” деген ат менен белгилүү таштын салмагы 635 кг, аны Суусамыр өрөөнүндөгү Арамза төрүнөн 100 метрдей аралыкка көтөрүп барып, жерге күч менен уруп киргизген. Төө-Ашуудан атын өзү көтөрүп өткөнү, лом темирди ийип, ат таканы колу менен кысып сындырганы эл ичинде аңыз катары айтылат. Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясы 1962ж. эркин күрөш боюнча Каба уулу Кожомкул атындагы байге белгилеген. Ал мелдеш жыл сайын өткөрүлөт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here