Бишкек шаарынын Исанов көчөсүндөгү №98 (Рыскулов көчөсү менен кесилишет)үйдүн тегерегин милиция курчоого алды. Ал жерде жашагандар жарылуунун үнүн укканын айтышкан. Учурда саперлор окуя болгон жерди текшерип атышат.Окуянын чоо-жайы тууралуу толук маалымат бериле элек. Бирок бир адам жабыркап, аны ооруканага алып кетишкени айтылууда.

Kaktus.media сайты милициянын маалыматына таянуу менен  орусиялык ишкер Александр Гайдуковго кол салуу аракети болгонун, анын унаасынын астына жардыргыч зат орнотулган болушу ыктымал экенин жазып чыкты.  Сайттын маалыматына караганда, ишкер өзү жеңил жараат алып түшкү, саат бирге жакын аны «Тез жардам» алып кеткен.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here