“Замандаш” саясий партиясы КР Өкмөтүнө жана Премьер-министр Абылгазиев Мухамметкалый Дүйшекеевичке кайрылуу жолдогон. Анда жаңы ачылган ишканаларды 5 жылдык мөөнөткө салыктардан бошотуу менен 3 жылга фискалдык текшерүүлөрдөн арылтуу жөнүндөгү чечимдерди кабыл алуу сунушу айтылган. Бул сунуш тууралуу ишкерлердин жана эксперттердин пикирлерин уктук:  

 Фархад Пакыров, ЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору  :

—        Негизи жалпы салык системасын карай турган болсок, Орто Азия боюнча салык төлөө тарифтери ыңгайлуу, эң төмөн деп айтылат. Бирок тилекке каршы, өлкөдө бюрократиянын, коррупциянын деңгээли жогору болгондуктан жакшы демилгелерибиз көп учурда иштебей калат. Негизи ишкерлер менен салык кызматкерлердин ортосунда диолог же кызматташуу жакшы деңгээлде эмес.  Айрым учурда, биздин экономикабыз ишкерлерден көз каранды.

Бизде башка өлкөлөр сыяктуу экспорт кыла турчу чоң товарларыбыз жок. Бүгүнкү күндө экономиканын негизги булактарынын бирөөсү ишкерлер. Салык кызматкерлери ишкерлерге ууруларга, душмандарга болгондой мамиле кылышат. Салык кызматкери жаңы ачылган өндүрүштү ачып атканын билет дагы дароо басып калып, айып пул салат. Тескеринче жаңы ачылган өндүрүшкө  эскертүү бербей жаап салып же салык төлөө деген шылтоо менен жолтоо болушат. Мамилелери ушундай таризде.  Өзбекстанда чет өлкөдөн инвестиция тартып келген ишкерлерди салыктан бошотушат. Ал эми Тажикстанда дагы жаңы ишкерлерди чыгаруу жагын карап жатышат. Кичи ишкерди орто ишкерге, орто ишкерди чоң ишкерге айлантуу жагына конкретүү кадамдарды жасап, иш чаралар жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө бизде карай турган болсок , элибиз ишкерлик менен же миграция менен алек. Анткени бизде чоң ишканаларыбыз жок. Чын эле борбордо ички миграция маселесин чечүүдө, чек арадагы мүмкүнчүлүктөрдү туура колдонуп,туура  шарт түзүп берип, региондорду ишкердик аркылуу өнүктүрүү негизги перспективдүү багыттарыбыз катары билебиз дагы бирок ишке ашпайт. Мисалы патент системасы ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүк сунганы менен юридикалык жактары туура эмес.

Текстил тармагындагы эң чоң көйгөй эмне десек, салык системасындагы соц.фонд бизге аябай тоскоол болуп жатат, соц.фондту ачык көрсөтө албаганызга байланыштуу. Муну толук көрсөтсөк жумушчуларыбыз каршы чыгат. Биз акча жүгүртүү жагын ачык көрсөтө албагандыктан, чет өлкөлүк экспорттук келишимдерди толук акча айлантууну расмий көрсөтө албай ,бүгүнкү күндө аябай кыйналып жаткан учур. Ошондуктан чоң  ишкер болобуз дегенде эле салык тоскоолдуктары мүмкүнчүлүк бербейт. Эмне үчүн бизде юридикалык жак менен иштеген ишкерлер аз,баары эле жеке ишкер патенттин негизинде иштешет. Алар чоң ишкерлерге айланганда эле салык жагынан оор болуп кетип,ички базарда конкуренция боло албай, чет өлкөгө чыкканда да чоң тоскоолдуктарга учурап жаткан учурлар бар. Ошондуктан конкуретүү кадамдарга барып, чоң реформа кылбасак жетишкендиктерибизди колдон чыгарып ийип жатабыз. Салык төлөө маданияты, салык кызматкерлеринин маданиятын жагын карашыбыз керек, региондордо салыктан бошотуу деген кадамдарга барсак, бул жакшы бир жемишин беретго деген тилегибиз бар. Себеби, салыктан бошотуп туруп, аны комплекстүү карабасак,бул  белгилүү бир мөөнөткө чейин жакшы иштеп туруп, белгилүү мөөнөткө кийин кайра терс таасирин берүү коркунучтары да бар.

Искендер Шаршеев, экономист:

— Буга кошулам. Бирок ушул демилге укмуш таасир калтырышы мүмкүн, анткени 60% жыйналган акча кичи жана орто ишканалардан келет. Өлкөбүздүн бюджети башка өлкөлөрдүн бюджетине караганда өзгөчөлөнөт. Бизде 80 %  салыктар түзөт, чоң бир бөлүгүн НДС, дагы бир бөлүгүн бирдиктүү налог , патент 20-25 % бөлүгүн. Демек,бул демилге ишке ашса 30 % азайышы мүмкүн. Бирок өзү демилге жакшы. Анткени  Кыргызстанда ишкерликти өнүктүрүүгө , жашоону жеңилдетүүгө, экономиканы жандантууга абдан жакшы таасирин бермек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here