Көпчүлүк  күтүп жаткандай, Орусияда өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатында Франциянын футбол боюнча улуттук курама командасы финалдык оюнда Хорватияны 4: эсебинде жеӊип,  ушуну менен экинчи жолу дүйнө чемпиону болду.

Оюндун 18-мүнөтүндө Хорватия командасынын оюнчусу Манджукич биринчи голду өз дарбазына башы менен киргизип алды. Ал эми оюндун  28-мүнөттө хорватиялык Иван Перишич эсепти теңеди. 38-мүнөттө Антуан Гризман тепкен пенальтиден кийин француздар алдыга чыгышты. Экинчи таймда фрнацуз оюнчулары: Поль Погба жана 19 жаштагы эӊ жаш оюнчу Килиан Мбаппе бирден гол киргизип, жеӊишти биротоло камсыздашты.

Дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыгында франциялык Килиан Мбаппе «мыкты жаш оюнчу», хорватиялык Марио Модрич «мыкты оюнчу», Бельгиянын дарбазачысы Тибио Куртуа «мыкты дарбазачы», англиялык Харри Кейн алты гол киргизип «мыкты чабуулчу» аталып, алтын бутсы алды. Сыйлыктарды ФИФА президенти, орус президенти, француз президент жана Хорватия президенти тапшырышты. Бул чемпионатта Белгиия үчүнчү, Орусия бешинчи орунду ээледи.

Бул чемпионаттын жалпы байге фонду 657 миллион доллар экени айтылган.  1-орунга 38 миллион доллар берилет. 2-орунга 28 миллион доллар тапшырылат. 3-орун 23 млн доллар алат. Мындан тышкары акчалай сыйлыктар жалпысынан финалдык бөлүккө катышкан 32 команданын ар бирине, ээлеген орундарына жараша тапшырылат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here