Бүгүн Бишкекте “Замандаш”  саясый партиясы: “ Биздин эмгек мигранттар –Кыргызстандын жаңы экономикасынын реалдуу инвестролору” – деген аталыштагы мигранттарыбыздын көйгөйлүү маселелерге чоң жыйын өткөрдү. Бул иш-чарага мурунку мигрант катары катышкан «Тянь-Шань Форель» балык чарбасынын  жетекчиси Ильгиз Сарылдык уулу ишкерлик кылуудагы кыйынчылыктар тууралуу кеп козгоп, башка мамлекеттерден акча таап келип, ал каражат менен кайра өз өлкөсүндө ишкана ачып, экономикага салым кошуп жаткандарга өкмөт тараптан  чоң жардам керек экенин баса белгиледи.  Ошондой эле ал Кыргызстандан байып, ал акчаны Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө сарптабай, башка өлкөлөрдүн экономикасына которуп жаткан айрым кыргыз байларын сынга алды. Буга миcал катары Өмүрбек Бабановдун элге белгилүү бизнестеги  “биттин ичегисине кан куймай” аракеттерин мисалга тартты. Мындан тышкары, “Кыргыз-Орус” өнүктүрүү фондусунан ишкерлик кылууга насыя алуу кыйын экенин айтып, алардын жетекчилерин да керектүү кепти айтты.

Ильгиз мырза “Тянь-Шань”  балык чарбасын быйыл апрель айында Панфилов районунда ачкан. Ага жалпысынан 700 миң доллардан ашуун каражат сарптаган. Башында бул балык чарбада  он эки адам иштеп баштаса, учурда 30 адам эмгектенүүдө. Жакынкы жылдары иштегендердин санын 50гө жеткирүү максаты бар. Ошондой эле ал мындай балык чарбаларды башка региондорго да ачуу аракетин көрүп жүрөт. Ал балык чарбасында өстүргөн балыктарды Кыргызстандан тышкары, бир катар башка мамлекеттерге да экспорттоп жатканы да маалым болду.

Ильгиз мырза, башка мамлекеттерге мигрант болуп иштеп жүрүшкөн миллиондогон мекендештерибизге чоң үлгү көрсөтүп, ак эмгек менен тапкан акчаларын сарамжалдап чогултуп, ушундай ишкерликке  сарптоого үндөдү.

Ал эми мигранттардын маселесин тереңден козгоп, алардын көйгөйүн көптөн бери бийликке, элге жеткирип келаткан “Замандаш” саясый партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов: “ Биздин эмгек мигранттар –Кыргызстандын жаңы экономикасынын реалдуу инвестролору боло аларын баса белгилейбиз. Аларды мындан ары гастарбайтерлер дебей, инвесторлор деп деп атайлы. Бийлик аларга толугу менен кам көрүп, жакындан жардам бериши керек. Биз ишкерликке акча сарптап жаткан инвесторлорду 5 жылдык мөөнөткө салыктардан бошотуу жана жаңы ачылган ишканаларды 3 жылга фискалдык текшерүүлөрдөн арылуу жөнүндөгү чечимдерди кабыл алууну тездетүү боюнча сунуштарды Президент Сооронбай Жээнбековго,  кыргыз өкмөтүнө жолдойбуз” – деди. Бул жыйындын соңунда мына ушул сунуштар айтылган тараптарга жолдонду.

Төмөндөгү сиздер “Тянь-Шань Форель” ишканасы тарабынан тартылган тасмаларды көрүп, бул чарба жөнүндө толук маалымат ала аласыздар. Баса белгилеп кетсек, Ильгиздин балык чарбасы түзүлгөнүнө аз эле убакыт болсо дагы, ал балык чарбага ЖКнын тиешелүү комитетинин депутаттары жаз айларында ал чарбада көчмө жыйын өткөрүшкөн. Ошондой эле  жакында эле өкмөт башчы М. Абылгазиев да атайы иш сапары менен барып, жеринде таанышып кетишкен.

Демек, бийилк өкүлдөрү да мындай чарбаларды колдоого алат деген ишенимдебиз.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here