Бүгүн Бишкекте, “Замандаш”  саясый партиясы: “ Биздин эмгек мигранттар –Кыргызстандын жаңы экономикасынын реалдуу инвестролору” – деген аталыштагы мигранттарыбыздын көйгөйлүү маселелерге арналган тегерек стол форматында чоң жыйын өткөрдү.  Бул иш чарада негизинен мигранттардын маселеси козголуп, чоң талкуу болду. Катышуучулар: “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов, Москва шаарындагы Эл аралык Ишкерлер Ассоциациясынын негиздөөчүсү, вице-президенти Акбар Маразыков, РФдегы эмгек мигранты, Марат Исаев,  «Тянь-Шань Форель» балык чарбасынын жетекчиси, мурдагы эмгек мигранты, Ильгиз Сарылдык уулу, жеке ишкер,”BRISAN” соода маркасынын негиздөөчүсү; РФдеги эмгек мигрант,  Абдыкадыров Бакыт, ЖК депутаты, Икрамов,  РФдеги эмгек мигранты Акматов Толкунбай, Мамлекеттик миграция мигарция саясатын өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Улан Шамшиев жана эксперт Эдил Осмонбетов катышты.

Бул жыйындын соңунда, тегерек сотолдун катышуучулары  президент Сооронбай Жээнбековго, КР өкмөтүнө атайы кайрылуу жолдошту. Ал кайрылууда төмөндөгүдөй бир катар орчундуу маселелер  козголгон: Инвесторлорду 5 жылдык мөөнөткө салыктардан бошотуу жана жаңы ачылган ишканаларды 3 жылга фискалдык текшерүүлөрдөн арылуу жөнүндөгү чечимдерди кабыл алууну тездетүү боюнча кайрылуу жолдоду. Ал кайрылууну төмөндө тасмадан көрүңүздөр:

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here