Бүгүн Бишкекте “Замандаш”  саясый партиясы: “ Биздин эмгек мигранттар –Кыргызстандын жаңы экономикасынын реалдуу инвестролору” – деген аталыштагы мигранттарыбыздын көйгөйлүү маселелерге арналган чоң жыйын өткөрдү.

Москвадагы ”BRISAN” соода маркасынын кийимдери

Бул иш-чарага  Москвадагы ”BRISAN” соода маркасынын негиздөөчүсү,  РФдеги эмгек мигрант катары жеке ишкерлик кылып келаткан Абдыкадыров Бакыт ишкерлик кылуудагы кыйынчылыктар тууралуу кеп козгоду. Ал бул тармак боюнча кыргыз өкмөтүнөн колдоо болбой жатканын баса белгиледи.

 

Кыргыз ишкерлери тарабынан тигилип жаткан кийимдер аз экенин, ошого карабай Россия ж.б. мамлекеттерде “made in kg” бренди чоң суроо талапка ээ экенин айтты. Бирок акыкы жылдары мурункудай болбой солгундап жатканын да кошумчалап, эгер өкмөт ишкерлерге колдоо көрсөтсө өндүрүлгөн продукциянын көлөмү да, сапаты да өсө турганын белгиледи.  Бул жаатта Казакстан, Өзбекстандагы акыркы эки жылдан бери алдыга кеткенин, ал мамлекеттердин өкмөттү кийим тиккен ишкерлерге бардык шарттарды түзүп берип, колдоого алып жатканын билдирди.

Өкмөт ушул «Замандаштын» бүгүнкү жыйынында көтөрүлгөн чоң көйгөйлөрдү эске алып, талапка ылайык чараларды көрүүгө тийиш…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here