Белгилүү балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Grand Prix of Spain эл аралык турнирдин жеңүүчүсү аталып, алтын медаль утту. Бул турнир  Испаниянын Мадрид шаарында 14-15-июль күндөрү жайкы Азия оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында өткөн.  Тыныбекова 59 кг чейинки салмакта  беттешке чыгып:  АКШ жана Россиянын балбандарын уткан. Ал эми финалда  казак спортчусун жеңилүү ызасын тарттырган. Маалымат катары айта кетсек жайкы Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын  Жакарта жана Палембанг шаарларында өтө турганы буга чейин айтылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here